БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Борбор кала Бишкекте балдарды сексуалдык зордук-зомбулуктан коргоо маселелерине арналган тегерек стол өтө турганын "Жаңы Жаш Күч" коомдук бирикмеси билдирди.
Иш-чара 8-декабрь күнү "Достук" мейманканасында өтөрү маалым болду.
Катышуучулар аталган көйгөйдүн социалдык жана психологиялык тамыры талкууланып, балдарды коргоо жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү ыкмалары ортого салынат.
Жолугушуу "эркин аянт" форматында өтүп, бардык каалоочулар үчүн эшик ачык болот.