Маликов өзүнө кол салуу жөнүндө: ажал жакындап келгенин сездим

Жазылуу
Бейшемби күнү кечинде Маликовго белгисиз адамдар кол салып, бычактап кетишкен. Жабыр тартуучуга шашылыш операция жасалып, кол салгандарды болсо Маликов өзү "Ислам мамлекети" террористтик уюмуна жакын топко тиешеси бар адамдар деген.

Кадыр Маликов өзүн кандай сезип жатканы, ИМ күчтөрүнө болгон мамилеси жана терроризм менен күрөш туурасында Sputnik кабарчысына айтып берди.

— Кандай болуп калдыңыз? Дарыгерлер дагы канча жатасың деп жатышат?

— Чоң рахмат, азыр бир топ жакшымын. Менин диагнозум бет-моюн жана кол манжаларына тийген терең кесик-сайык жаракаттар. Көзүмө да кол тийген, бирок көрүүм жакшы. Ооруканада көп жатпайт болушум керек.

© Тимур ЕлебесовНападение на Кадыра Маликова
Нападение на Кадыра Маликова - Sputnik Кыргызстан
Нападение на Кадыра Маликова

— Сиз исламдын радикалдык агымдары жөнүндө кескин айткандарыңыз үчүн кол салышты деп мурдараак билдирдиңиз эле. Кайсы конкреттүү сөзүңүз үчүн ушул окуя болду деп ойлойсуз?

— Кайсынысы үчүн экенин так билбейм, мен дайыма катуу айтчумун. Бирок менин көз караштарым өзгөрбөстүгүн дагы бир жолу кайталайм. Баары кудайдын колунда. Бул окуя болгондо, ажалдын жакындап келгенин сездим. Радикализмден окумуштуулар да, муфтият да, коом менен мамлекет да коркушу керектигин бардык жагдайлар ырастады. Бүгүн бүтүндөй коомчулук радикалдуу исламга каршы баш кошуусу керек. Болочокто ал бардыгы үчүн коркунуч жаратат.

— Сизди коркутуулар бир жылдан бери уланып келгенин мурдараак билдирген элеңиз. Ал кандайча болду эле?

— Жок, жеке жана түз коркутуулар болгон эмес, бирок башка маалымат булактары аркылуу кыйыр эскертүүлөрдү алгам. Башкача айтканда, өзүмдүн айланамда түзүлгөн кырдаалды толук талдап көрүп, 2-3 айча жаныма сакчы алып жүрүүгө аргасыз болгом. Бирок кийинчерээк аны бошотком, себеби эч коркунучту байкаган эмесмин. Көрсө, андай коркунуч бар экен. Акыркы окуя жакшы даярдалып, сакчы жокто менин көзүмдү тазалоого багытталыптыр.

— Сизге бейшембиде кол салышты, эртеси күнү ИМ темасы боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөмөк экенсиз. Эмне туурасында айтайын дедиңиз эле?

Известный теолог Кадыр Маликов на пресс-конференции - Sputnik Кыргызстан
Маликов терроризм менен күрөшүү жөнүндө билдирүү жасамак
— Мен радикалдуу идеологияга күч жана техникалык ыкмалар менен каршы турууга болбой турганын кайра баса белгилейин дегем. Ага каршы келүүчү альтернативалуу идеология керек. Альтернативалуу дегеним, ал исламдын салттуу формаларынын алкагында болушу зарыл. Экстремисттик жана радикалдуу исламдын түрлөрү пайда болгондо, мамлекет диндин бардык түрүнө каршы кескин күрөшкө өткөнү катуу жаңылыштык. Өтө этияттык менен сынга алып, тыюу салыш керек. Мамлекет аткарууга милдеттүү болгон ишти – руханий билим берүүнү кенен жайылтуу жөнүндө эске салайын дегем. Мунун баарынын башында идеологиялык чакырык жасап, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн КРдин Мусулмандар диний башкармалыгы турушу керек. Болгондо да, бул ишти айрыкча жаштар арасында эч тынымсыз, күнүнө 24 саат бою жүргүзүү зарыл. Бул жагынан бир нече муунду жоготуп койгонбуз. Аларды кайра кайтарыш керек. Бүгүнкү дүйнө жүзүндөгү абал, чынына келгенде, үчүнчү дүйнөлүк согуш, ал болгону башка түрдө жүрүп жатат. Ал ар кошкон мүнөзгө ээ жана жарым-жартылай партизандык жол менен коомдун өзүнүн ичинде болууда. Ошондуктан коомдун ичиндеги туура идеология жана жарандык топтордун колдоосу менен бул көрүнүшкө каршы турууга болот.

— ИМге каршы чыгып жаткан башка дин таануучуларга да ушундай коркунуч болушу мүмкүнбү? Республиканын өзүндө же деги эле Борбордук Азияда?

— Мени менен болгон окуя – алар өз күчүн расмий көрсөткөнү. Бул ИМдин такфиристтик тобу мага жана менин кесиптештериме катуу киришти дегенди билдирет. Эгер азыртан мамлекет менен коом бирикпесе, мусулман лидерлери бирге күрөш жүргүзүп, мамлекеттин ар бир жаранын коргой турган программа түзүлбөсө, менимче, ИМдин жасагандарынын баары ийгиликке жетет. Коркконум, кесиптештерим өз көз караштарын ачык айтып чыкпай калат, бул болсо ИМ өз ордун бекемдешине дагы бир мүмкүндүк берет.

© Sputnik / Эркин АлымбековМесто нападения на теолога Кадыра Маликова
Место нападения на теолога Кадыра Маликова - Sputnik Кыргызстан
Место нападения на теолога Кадыра Маликова

— Бизде теологдор көп эмеспи. Алар туура багытты карманып, жаштарды туура исламга үйрөтө алышабы?

— Мындайлар жетиштүү деп ойлойм. Жөн гана кадрларды даярдоо боюнча иштерди күчөтүп, улуттук деңгээлде программа кабыл алынышы керек. Аны иштеп чыгууга салттуу исламдан негизин түптөп бере ала турган теологдорду, алымдарды, имамдарды көбүрөөк тартуу зарыл.

— Бул боюнча бийлик эмне дейт?

— КРдин Мусулмандар диний башкармалыгы жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бул боюнча кеп кылгам. Бирок улам өсүп бара жаткан көйгөйдү 20 киши кантип чечет? Күчтүү кадрдык колдоо, каржы жана, мүмкүн, жогору жактан саясий эрк жетишсиз болуп жатат. Сирия алыс эмес, ИМдин чеги да ар бирибиздин акыл-эсибиз аркылуу өтүп турат. Идеологиялык чектер өтө кеңейип кеткен, эң коркунучтуусу ушул.

— Сириядагы ИМге каршы күрөшкө авиа соккулары менен Россиянын кошулушуна кандай карайсыз? Бул чынында эле натыйжа бере турган жолбу?

— Ооба, бул жагынан мен Россиянын чечимин колдойм. ИМдин күчүнүн жайылышын токтотуу үчүн өлкөлөр өз ара баш кошуп, болгон күч-аракетин жумшашы керек.

— ИМ жеңилип, алардын катарында согушуп жүргөн кыргызстандыктардын баары үйлөрүнө кайтып келди дейли. Аларды кантип коомго кайра кайтаруу керек? Деги эле мындай аракет зарылбы?

— Бул өтө оор суроо. Идеологияны кол менен алып эле жок кылып коюу мүмкүн эмес. Ошондуктан каршы коюу ыкмасы иштеши керек. Биздин жарандар жөнүндө айтсам, коомду алардын таасиринен коргоо зарыл. Мүмкүн ИМдин катарында согушкандарды жарандыгынан ажыратуу — абалдан чыгуунун бир жолу болор. Катасын мойнуна алып, түшүнгөндөр үчүн мунапыс жана реабилитациялоо программаларын киргизүү зарыл. Бул туурасында азыртан ойлонуш керек. Катуу чарага катуу жооп болгону жакшы.

— Сирияда ИМдин катарында согушканы жаткандарга эмне айтар элеңиз?

— Биз баарыбыз Кудай алдында жооп беребиз, мен андан корком. Өз боордошторумдун баарына бул жөнүндө эскертип, ойлонууга чакырат элем. Маалымат топтоодо аны бир нече булактан алып, ар бирин текшерген туура. Пайгамбар чакыргандай, ойлонуп жана кечире билиш керек.

— Сиз өзүңүзгө кол салгандарды кечирдиңизби?

— Кудай алдында кечирдим. Алар кылмыш жазасына тартылышы керек, бирок өз жүрөгүмдө жана кудай алдында мен аларды кечирдим. Мунун баары акыр заман келгенде чечилет. Аны эстен чыгарбаш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0