Маликов терроризм менен күрөшүү жөнүндө билдирүү жасамак

© Sputnik / Табылды КадырбековИзвестный теолог Кадыр Маликов на пресс-конференции
Известный теолог Кадыр Маликов на пресс-конференции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин берген маалыматына ылайык, бейтааныш кишилер менен теолог "Асанбай" кичи районундагы дүкөндүн алдында кайым айтышкандан кийин аны моюнга жана бетке бычак менен сайып кетишкен.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Белгилүү теолог, "Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борбордун директору Кадыр Маликов Кыргызстанда терроризм менен күрөшү жөнүндө маалымат жыйын өткөрмөк.

АКИpress маалымат агенттигинин пресс-борборунун сайтындагы билдирүүгө ылайык, теолог 27-ноябрда "Терроризм менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек жана эмнелерге жол бербеши керек?" деген темада маалымат жыйын өткөрмөк.

Белгилүү теолог Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бычакталган Кадыр Маликов реанимацияда, ага шашылыш операция жасалат
Бейшемби күнү кечинде Кадыр Маликовго кол салуу болгон. ИИМдин берген маалыматына ылайык, бейтааныш кишилер менен теолог "Асанбай" кичи районундагы дүкөндүн алдында кайым айтышкандан кийин аны моюнга жана бетке бычак менен сайып кетишкен.

Ал шаардык 4-ооруканага алып келинген, дарыгерлер ага шашылыш операция жасала турганын билдиришкен эле.

Бишкек ШИИБи кылмышкерлерли кармоо боюнча "Перехват" планын жарыялашты. ИИМдин маалыматы боюнча теолог "Асанбай" кичи районундагы №52 үйгө жакын жайгашкан "Народный" дүкөнүнө кирген.

"Күбөлөрдүн айтымында, дүкөндөн чыккан Маликов унаасынын артына машинасын токтотуп койгон балдардан аны алуусун суранган. Дагы бир жолу кайрылганда алар айтыша кетип, андан соң мушташка өтүшкөн. дал ошол чурда анын денесине бычак менен залал келтирилген", — деп ИИМден түшүндүрмө беришти.

Учурда окуянын чоо-жайы дагы иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0