Бишкектин айрым жерлеринде тогуз саатка электр жарыгы өчүшү мүмкүн

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРемонт линий электропередач. Архивное фото
Ремонт линий электропередач. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калыс-Ордо конушунда №34 трансформаторунан тараган 0,4 киловатт кабель чубалгысы алмаштырылат. Ошондой эле, ГЭС-1ден тараган 10 киловатт аба электр чубалгылары, №856, 575, 2985 трансформаторлору оңдолот.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө электр жарыгы саат 9.00дөн 18.00гө чейин өчүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Газ балондору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө газ өчөт
Маалыматка ылайык, Калыс-Ордо конушунда №34 трансформаторунан тараган 0,4 киловатт кабель чубалгысы алмаштырылат. Ошондой эле, ГЭС-1ден тараган 10 киловатт аба электр чубалгылары, №856, 575, 2985 трансформаторлору оңдолот. Андыктан электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Исанов, Тоголок Молдо, Ташкент, Күрөңкеев, Кудрука, Шаумян; Кулатов, Горький, Каракөл; Фатьянов, 16-линия көчөлөрүндө, Новосибирск тар көчөсүндө электр жарыгы өчүшү мүмкүн.

Андан сырткары Москва көчөсүндөгү № 163 Б; Ибраимов/Бөкөнбаев көчөсүндөгү №№ 33, 35, 40, 59, 59А көп кабаттуу үйлөрдө да жарык болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0