Ошто 1,5 млн. сом салык төлөбөй койгон жеке ишкер аныкталды

Жазылуу
Төрт жыл жеке ишкерлик менен алектенип, салык төлөөдөн баш тартып келген жаран мамлекеттик казынага 1,5 миллион сомго чукул зыян келтиргендиги боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ошто төрт жыл бою кошумча нарк салыгын төлөөдөн баш тартып, мындан мамлекетке 1,5 миллион сомго чукул зыян келтирген жеке ишкер аныкталганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран 2011-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта 16 миллион 638 миң сомго товар алып келип, 1 миллион 410 миң сом кошумча нарк салыгын төлөбөй келген. 

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0