00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:08
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:08
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев филармония жамаатына маданият кызматкерлерин айлыгын көтөрүүнү жана автобус убада кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Улуттук филармониясында концерт. Архив
Кыргыз Улуттук филармониясында концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы кыргыз музыкасынын корифейлеринин бири Асанхан Жумакматовдун ишин ал баштап кеткен кыргыздын нукура ыр-күүлөрүн оркестрдин ыргагына салуу аркылуу улантуу туурасында айтты.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Улуттук филармониясынын концерттик сезонунyн ачылышына катышып, өкмөттүн атынан филармониянын чыгармачыл жамаатына автобус удаба кылды. Андан сырткары, маданий кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу маселеси караларын айтты.

Сариев салтанаттын жүрүшүндө Улуттук филармониянын кыргыз маданиятындагы мааниси чоң экендигин белгиледи.

"Сексен жылдан бери ата-бабалардын маданий мурасын сактап, муундан муунга өткөрүп жана жайылтып келе жатасыздар. Бул аралыкта филармониянын сахнасында миңдеген улуттук таланттардын маданият дүйнөсүндө тушоосу кесилди, кайталангыс өнөргө ээ кыргыз аттуу улутту бүт дүйнө тааныды", — деди Сариев.

"Тумар Арт": мүйүздөн жасалган кыл кыяк бизде эле бар
Ал Улуттук филармония мындан ары да улуттук маданияттын чордону катары өлкөнүн музыкалык, көркөм өнөр дөөлөттөрүн жайылтат деген ишенимин билдирди. Айрыкча, учурдагы ааламдашуу доорунда биз өз маданиятыбыз, каада-салтыбыз жана улуттук баалуулуктарыбызды сактап калууда маданий жайлардын мааниси жогорулап жатканын премьер-министр кошумчалады.

Сариев буга чейин өкмөттүн 2020-жылга дейре маданиятты өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу тапшырмасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине берилгенин эскертип, аталган министрликке стратегияны тез арада бүткөрүү милдетин койду. 

"Программада кыргыз музыкасынын корифейлеринин бири Асанхан Жумакматов баштаган кыргыздын нукура ыр-күүлөрүн оркестрдин ыргагына салуу аркылуу эл аралык маданий аренага чыгаруу ишин колго алуубуз керек", — деди өкмөт башчысы.

Ал улуттук маданияттын уюткулуу очогу катары Улуттук филармония жер-жерлердеги театрлар менен маданий жайларга бардык жагынан үлгү болушу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0