Ниязалиева: окуучулардын өлүмү менен аяктаган кырсыктарды атайы комиссия иликтейт

Жазылуу
Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы орто мектепте 9-класстын окуучусу Эркинбек Жекшенбек уулу жүрөк тушка тийген соккудан 19-сентябрда каза болгон.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Окуучулардын өлүмүнө алып келген кырсыктарды атайы түзүлгөн комиссиялар иликтей турганын вице-премьер Дамира Ниязалиева Жумгал районуна болгон иш сапарынын учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер аталган аймактын Көк-Ой айылында болуп, Турусбек уулу Султан атындагы мектептин жетекчилиги, жергиликтүү жашоочулар менен жолукту. 

Ниязалиева окуучунун өлүмү менен аяктаган кырсыкты жеке көзөмөлүнө аларын, бүтүндөй өлкө боюнча катталган ушул сыяктуу окуяларды иликтөө үчүн атайы комиссия түзүлгөнүн белгиледи.

"Бул кырсыктарда мугалимдердин да, ата-энелердин да күнөөсү бар. Мунун баары окуучулардын арасында орун алган мыйзам бузуулардын терең экенинен кабар берет. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча тез аранын ичинде чара көрөбүз", — деди вице-премьер.

Орто мектептин бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгалдагы баланын өлүмү: чатактын себеби салыкпы же кыркылган чачпы?
Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектепте 9-класстын окуучусу Эркинбек Жекшенбек уулу жүрөк тушка урулган соккудан 19-сентябрда каза болгон. Маалыматка ылайык, 10 мүнөттүк танапис учурунда Эркинбекти 11-класстын окуучусу Жайылбек Таалайбеков уруп жиберген. Окуучу ооруканага жеткирилген, бирок эсине келбей жатып каза болгон.

Төрт күндөн кийин ИИМ Эркинбекти уруп жиберген 11-класстын окуучусу Жайылбек Таалайбеков эки айга камакка алынганы тууралуу маалымат тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0