Атамбаев: эмки жылы өтө турган Көчмөндөр оюндарына азыртан даярдык көрүү зарыл

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапары учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапары учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев ипподромдун территориясын, унаа токточу аймакты жана спорттук имаратка келчү жолдорду көрктөндүрүүнүн маанисин баса белгилеп, ошондой эле ипподромго канатташ автожолдорду реконструкциялоонун жана кеңейтүүнүн зарылчылыгын белгиледи.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия – саламаттык чыңдоо комплекси курула турган жерди көрүп чыкканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Объектти кыдыруу учурунда Архитектура, курулуш жана турак-жай чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов жалпы аянты 2 миң чарчы метрден ашуун келген үч кабаттуу дене тарбия – саламаттык сактоо комплексинин (ДСК) генпланынын долбоору менен тааныштырды.

Маалыматка ылайык, аталган имаратта Көчмөндөр цивилизациясынын борбору жайгашат.

"Андан соң президент Чолпон-Ата шаарындагы келерки жылы Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюндары өткөрүлө турган ипподромду көрүп, реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча тиешелүүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмаларды берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев: II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл жээгинде өтөт
Андан тышкары, Атамбаев ипподромдун территориясын, унаа токточу аймакты жана спорттук имаратка келчү жолдорду көрктөндүрүүнүн маанисин баса белгилеп, ошондой эле ипподромго канатташ автожолдорду реконструкциялоонун жана кеңейтүүнүн зарылчылыгын белгиледи.

Жыйынтыгында өлкө башчы эл аралык иш чаранын бийик деңгээлине жооп бериш үчүн курулуш жана ремонт иштерин алдын ала баштап, аларды белгиленген мөөнөттө жана мыкты сапатта аткаруу боюнча тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0