Кыргыз-Россия жаштар форуму Бишкекте өтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия жана Кыргызстандын желеги. Архив
Россия жана Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумга кыргыз жана россиялык мамлекеттик кызматкерлер катышып жатышат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мамлекеттик башкаруу академиясында кыргыз-россиялык "Евразиялык интеграциянын алкагындагы жаштардын ролу" деп аталган эл аралык форум өтөт. Аны "Евразиялыктар — жаңы толкун" фонду жана аталган академия уюштурууда.

Атамбаев Россиянын субъектилеринин башчыларын кабыл алды
Иш-чара бүгүн өтүп жаткан Кыргыз-Россиялык IV аймактар аралык "Евразиялык экономикалык биримдик. Аймактар аралык кызматташуунун келечеги" деп аталган ири иш-чаранын алкагында өтүүдө. Ага тармактык министрликтердин, ведомстволордун башчылары жана эксперттер менен ишкерлер катышууда. 

Форумга кыргыз жана россиялык мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу күтүлүүдө. 

Форумда РФтин Федералдык жыйынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын кеңешчиси Михаил Кротов, КРдин Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев, РФтин Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык департаментинин директору Николай Тайвонен спикерлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0