БИШКЕК, 15 сен. — Sputnik. Жоголуп кеткен эки жаштагы бала шаардык милиция тарабынан табылганын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Эки күн мурун 13-сентябрда эки жаштагы Жанер Тыналиев жоголуп кеткен. Шаардык милициядан билдиришкендей, баланын апасы арак ичип жүрүп баласын кечки саат 9:30дар чамасында жоготуп жиберген.
"Аял тааныштары менен арак ичип жүрүп, 13-сентябрда кечки саат 9:30дар чамасында баласын таппай калып, Свердлов РИИБине кабарлаган. Аял телефонун өчүрүп салгандыктан, милиция келип аялды тапкан эмес", — деп айтылат ШИИБ тараткан билдирүүдө.
Ленин районунун жашы жетелектер менен иштөөчү инспекторлору 2 жаштагы Жанер шаардагы балдар үйүнүн биринде экенин аныкташкан. Аны ал жакка жолоочулар жеткиришкен.
Учурда Жанерди Свердлов РИИБине алып келишип, туугандарын чакырышты.