БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү 13-сентябрда кечки саат 9:30дар чамасында арак ичип жүргөн аял эки жаштагы баласын кайда калтырганын билбей калган. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
2013-жылы туулган эки жаштагы Жанер Тыналиев кара шым, жол-жол жемпир, бутуна ак ботас жана башына "Adidas" деген жазуусу бар шапке кийип жүргөн.
Жанерди көргөн-билгендер болсо, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 432815 телефонуна же болбосо 0550 102 872, 0551 102 805, 0557 201268, 0709242483 телефондоруна чалууну өтүнөт.