Ала-Букадагы жол кырсыгы үчүн чиновниктерге сөгүш жарыяланды

© Фото / пресс-службы УМВД по Псковской областиЖол кырсыгы. Архив
Жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөгүш апта башында Ала-Бука районундагы кырсыкка жол берген чиновниктерге берилет.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев өкмөт жыйынында мектеп окуучулары каза болгон кырсык үчүн Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага жана Ала-Бука районунун жетекчилигине сөгүш берди.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Букадагы жол кырсыгына кабылган окуучулардын бири ооруканада көз жумду
Буга чейин Жалал-Абад облустук ИИБ дүйшөмбү күнү саат 19.00дө Ала-Бука районунун борборун көздөй бараткан Honda Odissey унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Натыйжада үч жүргүнчү каза болуп, жаракат алган айдоочу менен калган алты киши аймактык ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ооруканадан дагы бир адам көз жумган.

Сариевдин айтымында, сөгүш Ала-Бука районунун акимине жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерине берилди.

Премьер-министр Билим берүү жана Ички иштер министрликтеринин балдар коопсуздугуна жоопкер башка кызматкерлерине да чара көрүүнү талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0