БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул документтин алкагында бир нече иш-чаралар белгиленин президенттин маалымат кызматы билдирди.
Таратылган билдирүүдө кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана андан кийин болгон Үркүн Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлөөгө тийиш экендиги айтылат.
"Бирок бул окуялардын болгонуна дээрлик жүз жыл өткөнүнө карабастан, коомубуз алардын себептерин жана кесепеттерин тарыхый жактан объективдүү баалоого муктаж болууда", — деп айтылат Жарлыкта.
Документте Кыргызстандын мамлекетти жана элдин биримдигин бекемдөө ишин илгерилетүү, өлкө тарыхындагы жазыла элек барактарды толтуруу, жарандыкка жана патриоттуулукка тарбиялоо максатында токтом кылынат деп жазылган.
Жүз жылдыктын алкагында Үркүндө качкандар кырылган жерлердеги адамдардын сөөктөрүн жерге берүү үчүн зарыл болгон жол-жоболорду аткаруу, Бишкек шаарында эстеликти, ошондой эле адамдардын сөөктөрү коюлган жерлерде эстелик мамыларын орнотуу каралган. Андан сырткары 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн президентке караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын алкагында курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген жумушчу топту түзүү, ошондой эле ушул маселе боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү каралган.
1916-жылдагы Үркүн, улуттук боштондук үчүн күрөш кыргыздардын башынан өткөргөн чоң мүшкүл болуп эсептелет. Кытайга качан элдин көпчүлүгү жазалоочу отряддардын огунан сырткары, жолдо, ашууларда ачарчылык менен сууктан каза тапкан.
Президент кол койгон документте биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен падышалык саясатка болгон нааразычылык улуттук-боштондук кыймылын күчөткөнү айтылган.
"Түркестандагы жергиликтүү калкты аскердик-ооруктук жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө падышанын жарлыгы жапырт каршылык көрсөтүүгө тикелей түрткү болду. 1916-жылдын 4-июлунда Кожент шаарында тажиктер, кыргыздар, өзбектер жана Фергана өрөөнүндөгү башка элдер алгачкы толкундоолорду баштаган. Андан көп өтпөй жер-жерлердеги кагылышуулар бүткүл Түркестанды кучагына алган. Анын кесепетинен жергиликтүү калк жана орус келгиндери жабыр тартышкан", — деп жазылат Жарлыкта.
Кыргызстандагы массалык толкундоолор көтөрүлүшкө айланып, бирок ал орус элине эмес, падышачылыктын колониалдык саясатына каршы болгон. Кыргыздардын көтөрүлүшүн башка улуттар да колдогон. Ысык-Көлдө орус дыйкандарынын падыша аскерлерине каршы ок аткан учурлары да болгон деп айтылат Жарлыкта.