Ош облусундагы диний жайларды атайын комиссия текшерип баштайт

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган комиссия ар бир райондогу мечит имамынан тартып, сопу жана азанчы-кассирине чейин буйруктарын текшерип, алардын диний билимин, ишеним жолун аныктап чыкмакчы.

Бишкек, 25-фев. — Sputnik. Ош облусундагы мечит жана медреселердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча атайын Аалымдар курамындагы текшерүү комиссиясы ишин баштады. Бул туурасында аталган облустук казыяттын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Нургазы Каримов билдирди. 

Бул иш-чаралар Ош облусунун мусулмандар Казысы Ниязали ажы Ариповдун буйругу менен башталды. 

"Аталган комиссиянын иш-планына ар бир райондогу мечит имамынан тартып, сопу жана азанчы-кассирине чейин буйруктарын текшерүү, алардын диний билими, диний ишеним жолу, карманган мазхабын аныктоо милдеттери коюлду", — деп билдирди Каримов.

Учурда Ош облусунун аймагында 812 мечит бар. Алардын ичинен 175инде жума намаз окулат. Ал эми диний билим берген 9 медресе, эки Ислам институту ачылган. 

Комиссия курамы төрт топко бөлүнүп, бир жумалык мөөнөттө Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда текшерүү иштерин жүргүзүшөт. 

"Текшерүүнүн жыйынтыгы диний жетекчилик менен кеңешилип, зарыл талаптарга жооп бербеген имамдар менен дин кызматкерлерине тиешелүү чаралар көрүлөт", — деп билдиришти маалымат бөлүмүнөн. 

Бул иш-чара диний жааттагы кабыл алынган мамлекеттик концепцияны ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат. 

Буга чейин да Кара-Суудагы "Ас-Сарахсий" мечитине жаңы дайындалган имам Сүйүналы ажы Калыков аталган мечитте иштегендердин курамын комиссиянын негизинде кайрадан караш керектигин билдирген. 

Бул иш-чаранын максаты коомчулуктагы динге байланыштырылган радикализм, экстремизм жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0