"Ас-Сарахсинин" жаңы имамы: элдин ишенимин туура багытка буруу зарылдыгы турат

© Sputnik / Нургуль Максутова Ош облустук казыятынын маалымат кызматы, Нургазы КаримовМечеть "Ас-Сарахсий"
Мечеть Ас-Сарахсий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн түштүк аймагындагы көйгөйлүү мечиттердин бири болгон "Ас-Сарахси" мечитинин жаңы имам-хатиби Сүйүналы ажы Калыков учурда Сирияга кеткендер, кайткандар боюнча жагдай оор экендигин айтты. Андан сырткары аялдардын бул багытка тартылып кетиши боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын билгиледи.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы "Ас-Сарахси" мечитинин имам-хатиби болуп Сүйүналы ажы Калыков дайындалды. Аны жума намаз учурунда элге Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов тааныштырды. Калыков учурда Кара-Суу районунун имам-хатиби болуп иштейт, ал эми кийинки кызматын ал кошумча милдет катары алып барып турмакчы.

Sputnik сайтынын кабарчысы Сүйүналы ажы менен райондогу азыркы диний абал, Сирия көйгөйү, элдин ал тарапка кирип кетишинин объективдүү, субъективдүү себептери, бул жааттагы укуктук маселер туурасында пикир алышты.

Наручники - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суунун кармалган имамы 2006-жылы өлтүрүлгөн имам Камаловдун баласы болуп чыкты
— Учурдагы абалды алсак, дегеле, диний кызматкерлердин иши мээнеттүү болуп турат, "Ас-Сарахсидеги" татаал участоктордун бири, ишти эмнеден баштайын деп жатасыз? 

— 2011-жылдан тарта Кара-Суу районунда имам-хатиб болуп иштеп келе жатам. Ага чейин 2006-2011-жылдары Ош облусунун казысы болуп иштедим. Абалга карап, ишти ылайыктап жатам. Элдин ишеними башка жакка бурулуп калган. Негизинен, баштай турган жумуштарды ынтымакты орнотуу, анан элди туура агымга үндөп, ишти туура багыттан баштайын деп жатам. Мечиттин курамын карап көрүп, комиссиянын негизинде кайрадан караш керек го деп турам. 

— Кара-Суу республикадагы эң чоң райондордун бири эмеспи, азыркы райондук деңгээлдеги имам-хатиб болгон ишиңизге тоскоол болбойбу?

— Эми ал кылып жүргөн жумушубуз да, башкысы, бул жерге жакшы, күчтүү орун басар коюш керек. Райондук казыятта балдар иштеп жатат. Негизинен бул жерде ишти жөнгө салып, тартипке салып жана мен жогоруда айтып кеткендей, ынтымакты орнотуу. Элдин ишенимин киргизүү азыр оор болот го, ага көп убакыт кетет. 

— Бул жерде маалыматтын туура эместиги жана жетишсиздиги көп көйгөйдүн башы болуп турат окшойт?

— Маселенин көбү, элдин маалыматынын аздыгынан чыгууда. Сирияга кетүүнүн себептери, биринчиси идеология, экинчиси акча маселеси болуп жатат. Көйгөй жараткан негизги очоктор ушулар. Бул жерде Сирияга чакырган идеология күчтүү болуп, барсаң, дароо эле бейишке кетесиң дешсе, өлүп калган балдардын ата-энелерине туура эле балаң бейишке чыкты деп кепилдик берип жатышат, мындай кепилдикти эми Алладан башка эч ким бере албайт го. 

— Маалыматтарга караганда түштүктө, анын ичинен Кара-Сууда Сирияга кеткендер абдан көп кездешип жатат деп айтылууда?

— Ооба, бул боюнча ар кыл маалыматтар айтылып, биздин район боюнча Нариман айылында 23, Кашкар-Кыштак айылында 20нын тегереги, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн бешөө кетти деп жатышат. Барып келгендер да, андан сырткары Кыргызстанга келе албай Түркияда жүргөндөр да кездешүүдө, анын ичинде аял кишилер бар. Негизи бул жерде чоң азгырык болуп жатат. Барып келгендер көңүлү калып, Жихадды көрбөгөндүгүн, беш-алты топ болуп өз ара айтышуу болуп жаткандыгын айтып да жатышат. 

Сириядагы согушка кишилерди Стамбул аркылуу жөнөткөн каналда 7-8 адам иштейт
— Сиз Сириядан кайтып, орто жолдо Түркияда жүргөндөр боюнча айттыңыз, муфтияттын өкүлү катары бул боюнча эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

— Алар барып алышып, ал жерде эч нерсе таппай, Түркияда туруп, Кыргызстанда аты-жөнү белгилүү болуп калгандыктан, келе албай жаткандар да болуп жатат. Мыйзамга сунуштар бар. Аларды атуулдуктан чыгаруу, жок кылуу керек, айтор, көп сунуштар айтылып жатат. Бул туурасында мамлекет катуу көзөмөлгө алабы, айтор, муну чечүү зарыл болуп турат. Аларды жөн койсок, чогулуп, көбөйүп кетсе, эртең биздин мамлекетибиздин коопсуздугуна оор болуп калат го, булар үчүн бир нерсе иштеп чыгуу зарыл. Буларды жазасыз калтырбай, жазалаш керек, бирок, ал жакта калтырбаш керек го. Алар ушинтип, улам топтолуп отуруп, күчкө айланып, сырттан туруп кооптуулук жаратышы мүмкүн. Мисалы, Өзбекстандын Ислам кыймылы, Акрам Юлдашев дегендер убагында Каримовдун режиминен качып кетип, Афганистанда, Пакистанда күч топтоп өзүнүн иштерин жүргүзүп… азыр көрүп жатпайсыздарбы. Азыр ал өлкөгө кооптуулук жаратып, "кантип кирип кетсек экен" деген чараны колдонуп жатышпайбы. Ошол нерсе болуп кетпесе экен деген түйшөлүү бар. Бул боюнча бизде жагдай, албетте, оор. Алардын келгенден кийинкиси кооптуу болуп жатпайбы, канча кан көрдү, келип алып эмне даярдап жатат, дагы эмне кылып жибериши мүмкүн деген суроолор турат. 

Член джихадистов группы Фронт ан-Нусра стоит на одной из улиц северной сирийском городе Алеппо - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: массалык дезертирликтин себебинен ИМде жан кечерлер жетишпей жатат
— Учурда аялдардын диний уюмдарга тартылышы, ал тургай Сирияга кетип, ал жерден кор болуп жаткандыгы тууралуу расмий да, бейрасмий да маалыматтар айтылып келет. Бул жаатта сиз эмне айта аласыз?

— Сирия боюнча алсак, менимче, кайтып келген аялдар аз. Үй-бүлөсү менен кеткендердин күйөөсү өтүп кетсе, башка бирөөлөргө берип жаткандыгы боюнча айтылып келет. Алардын макулдугуна карабайт, ал жакка барганда көзөмөл болбогондон кийин, киши катары да саналбайт да. 

Ал эми бизде, менин бул кызматым боюнча, Рошид Камаловдун мечитинин айланасында, аялдар медресесин ачып, ошол жерге да туура багыт бербесек, болбойт. Мындай уюмдарга аялдардын тартылып кетишинин биз алдын алып, баштап, айтпасак, башка, үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. 

Кыз-келиндерге көңүл бурбай койгон менен бала-чака күн кечке алардын колунда, аялдарды ошондой уюмдарга тартканда үй-бүлө кошо кетип калат экен да. Учурда кыз-келиндер менен сөзсүз иштешиш керек болуп жатат, антпесе аларды колдон чыгарып жиберебиз. 

Учурда, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүп, маалымат берүү чараларын аткарышыбыз керек, антпесек башка вариантыбыз жок. Менимче, негизинен ушундай иш-чаралар менен гана абалдан чыгып кете алабыз.

Sputnik сайтынын маектеш боюнча таржымалы: Сүйүналы ажы Калыков 1972-жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. 

Бишкектеги 1991-1995-жылдары Азирети Умар атындагы ислам институтунан ислам шарияты боюнча билим алгандан кийин, Каракол шаарындагы медреседе окутуучулук кесипте эмгектенген. Андан соң Ош облусуна келип иштеп, бир нече айылдарда имам болгон. 2004-2006-ж.ж.аралыгында Кара-Суу районун имам-хатиби, 2006-2011-ж.ж. Ош облусунун казысы болуп, казыятты жететеген. 2011-жылдан тарта кайра Кара-Суу районунун имам-хатиби. Жакында Москва шаарында барып, Россия муфтиятынын кеңеши уюштурган Орусия Ислам университетинин базасында, М.В. Ломоносов атындагы Орусия мамлекеттик университети жана (ЮНЕСКО ИСАА МГУ) кафедрасы, Азия өлкөлөрүнүн институту менен биргеликте өткөргөн курстан квалификациясын жогорулатып келген. Учурда юридикалык тармак боюнча билим алууда. Араб, орус, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. 

(Маалыматтар Ош облусунун муфтиянын казыятынын маалымат бөлүмүнөн алынды).


Жаңылыктар түрмөгү
0