Жээнбеков өзбек кесиптеши Арипов менен иштешүүгө даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Ариповдун жаңы кызматтагы эмгеги келечекте өзбек элинин бакубаттуулугун жогорулатууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошоорун белгиледи.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Абдулла Ариповду Өзбекстандын премьер-министрлик кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Ариповдун аталган кызматка дайындалышын анын эмгегине жана бай тажрыйбасына берилген баа катары санай турганын белгиледи. 

"Кыргыз-өзбек мамилелерин эске алуу жетишилген макулдашууларды жана алдыга коюлган пландарды ийгиликтүү ишке ашыруу максатында кызматташууга даяр экенимди билдирем", – деп айтылат куттуктоодо.

Өкмөт башчы өз сөзүндө Ариповдун демилгелери жана алдыга койгон максаттары келечекте өзбек элинин бакубаттулугун жогорулатууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошооруна ынанарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0