БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоого эч кандай негиз жок экенин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге билдирди.
Текебаев Баш мыйзам боюнча президент өз ишмердигин баштагандан кийин кайсы бир партияны сүрөөнгө алып колдоого болбой турганын кошумчалаган.
"Айыптоого жана импичмент жарыялоого эч кандай негиз жок. Президент өз ишмердигин баштагандан бери саясий иштерге аралашкан жок. Ал — улут атасы жана Конституциянын гаранты. Анын аракеттеринен КСДП тууралуу айтканын кездештире албайбыз", — деди Өмүркулов.
Ал эми саясий кеңеште президенттин айланасындагылар жүрөт деген билдирүү боюнча Өмүркулов жумуш убактысынан сырткары саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө болорун кошумчалап, Текебаевдин айткандары куру сөз экенин баса белгиледи.