Өксүгөн өкмөт, кыйраган коалиция: алты жыл ичинде оомат канча жолу оодарылган?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГорода мира. Бишкек
Города мира. Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ күнү КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициядан чыгуусу башкы окуяга айланып, автоматтык түрдө өкмөттүн отставкага кетүүсүнө алып келди. Серепчилер бул кадам референдумдан кийин болот деп божомолдонуп келгендиктен көпчүлүк үчүн күтүүсүз кадам болду.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik, Исмаил Мамытов. Дүйшөмбү күнү КСДП фракциясы расмий түрдө көпчүлүк коалициясынан чыга тургандыгын жар салды. Бул кадамдын арты менен көпчүлүк коалициясы бузулуп, мыйзам боюнча Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. 

Жогорудагы жагдайдан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги 2010-жылдан бери өкмөттүн курамы жана көпчүлүк коалициясы эмне себептен кыйрап келгендигине кызыгып көрдү. 

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАлмазбек Атамбаев
Выборы президента Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев

Өмүрү кыска өкмөттөр

2010-жылдын апрель айындагы төңкөрүштөн улам Бакиевдин бийлигинин быт-чыты чыгып, эки тизгин, бир чылбыр Роза Отунбаеванын колуна тийген. Ал эми техникалык өкмөттүн башчылыгын тапшырган соң 2010-жылы 17-декабрда премьер-министрликке Алмазбек Атамбаев келген. Учурдагы президент башкалардан айырмаланып, эч бир чырга аралашпай, президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган. 

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүӨмүрбек Бабанов
Члены Совета государств — участников СНГ выступили с заявлениями - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов

Өксүп калган Өмүрбек Бабановдун өкмөтү 

Алмазбек Атамбаевден кийин өкмөткө Өмүрбек Бабанов келген. "Республика" партиясынын лидери бул кызматты бир жылга чукул аркалап, ар кыл чырдан улам кетүүгө аргасыз болгон. Алгач рейдерчилик, андан соң салык жашырган деп айыпталган. Муну менен катар эле ага MegaCom компаниясынын айланасындагы чырга катыштыгы бар делген чоң доомат да коюлган. Мурунку өкмөт башчыны "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары түркиялык компаниядан пара катары аргымак алган деген шылтоо менен премьерлик ээрден шыпырып түшкөн. Буга башка фракциялар да каршы болгон эмес. Бабановду отставкага кетирүү үчүн "Ата Мекен" фракциясы менен "Ар-Намыс" көпчүлүк коалициядан чыгып кеткен. 

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖантөрө Сатыбалдиев
Парламент Кыргызстана денонсировал соглашение о ЦТП Манас - Sputnik Кыргызстан
Жантөрө Сатыбалдиев

Жарыгы жанбай калган Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү

Кийинки өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да кызматтан жөн кеткен эмес. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссия финансылык бир катар калпыстыктарды таап чыккан. Албетте ага дирекциянын ошол кездеги жетекчиси Сатыбалдиев айыпталган. Ушуну жүйө келтирип "Ата Мекен" парламенттеги көпчүлүк коалициядан чыгып кетип, бул кайрадан министрлер кабинетинин отставкасына алып келген. Ошентип "Ата Мекен" өкмөттү эки ирет таратууга үлгүргөн. 

"Кумтөр" куруткан Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү

Жоомарт Оторбаев премьерлик кызматты 2015-жылдын жаз айларында өз каалоосу менен тапшырып берген. Ошентип Оторбаев бир жылга чукул премьер-министрликти аркалаган. Анын кетишине "Кумтөр" себепкер болду. Анткени Жоомарт Оторбаев "Кумтөрдү" улутташтырууга каршы чыгып, биргелишкен ишкана түзүү демилгесин көтөргөн. Анткен менен демилге колдоо таппай, чиеленишкен маселе чечилбестен эле өкмөт башчынын түбүнө жеткен. 

Таскактаган Темир Сариевдин өкмөтү

Өкмөт мүчөлөрү отставкага кеткен Темир Сариевди ордунан туруп кол чабуу менен узатышты
Эсиңиздерде болсо мурунку транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге Сариевдин жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. 

Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан. Ушундан улам Темир Сариев өз ыктыяры менен арыз жазууга аргасыз болгон. 

Күм-жам болгон коалициялар

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына беш фракция өткөн. Алар "Ата-Журт" (28), КСДП (26), "Ар-Намыс" (25), "Республика" (23) жана "Ата Мекен" (18 мандат) фракциялары. Аталган чакырылышта беш ирет көпчүлүк коалициясы түзүлгөн. Алардын төртөөсүн КСДП кураса, бирөөсүн "Республика" түзгөн. 

Биринчи коалиция 2010-жылдын 30-ноябрь күнү түзүлгөн. Ага КСДП, "Республика" жана "Ата Мекен" фракциялары кирип, Өмүрбек Текебаев төрагалыкка көрсөтүлгөн. Анткен менен депутаттардын колдоосуна татыбаган Текебаевден кийин коалиция тарап кетүүгө аргасыз болгон. 

Андан соң коалиция түзүү мандаты Өмүрбек Бабановго берилип, жаңы курамга КСДП, "Ата-Журт", "Ата Мекен" жана "Республика" кошулган. Ал эми төраганын орду Ахматбек Келдибековго тийген. Бир жылга жетип-жетпей, КСДП "башкалар менен тил табыша албай калдым" деп оюндан чыгып кеткен. 

Жогорку кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы коалиция жана өкмөттүн тагдыры: эксперттер эмне дейт?
Кийинки коалицияга КСДП, "Ар-Намыс", "Республика" жана "Ата Мекен" фракциялары кирип, спикерлик Асылбек Жээнбековго буюрган. Анткен менен бир жылга жетпей "Ата Мекен" менен "Ар-Намыс" коалициядан чыгып кеткен. "Ата Мекен" фракциясы бул кадам ошол кездеги Өмүрбек Бабановдун түрк бизнесмендеринен пара катары асыл тукум ат алганына байланыштуу экенин айткан.

Андан соң 2013-жылдын 3-сентябрында көпчүлүк коалицияны "Ата Мекен", КСДП жана "Ар-Намыс" кураган. Аталган биригүү жарым жылга жакын жашап, 2014-жылдын 18-мартында "Ата Мекендин" чыгуусу менен бузулган. Өмүрбек Текебаев күн тартибине Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши тууралуу маселе коюлбагандыктан улам бул кадамга барганын айткан. 

Андан соң кайрадан эле ушул үч фракция көпчүлүк коалициясын курап, бешинчи чакырылыштын аягына чейин иш алып барышкан. 

Ал эми алтынчы чакырылышка алты фракция өтүп, көпчүлүк коалициясын түзүү мандаты КСДПга берилген. Ошентип көпчүлүк коалициясына КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары кирген. Аталган коалиция бир жылга чукул өмүр сүрүп, ажырымга дуушар болуп турган кези.

Жаңылыктар түрмөгү
0