Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо. Жарышка ким катышат?

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к парламентским выборам в Бишкеке
Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өтө турган күн белгилүү болду. Ага айрым партиялар катыша тургандыктары жөнүндө билдиришти.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештерге шайлоонун күнүн белгилөө жөнүндө жарлыкка кол коюп, шайлоо 11-декабрда өтмөй болду. Ага чейин БШК бардык уюштуруучулук маселелерин чечип, талапкерлер менен шайлоочулардын тизмесин бекитип, ал эми өкмөт каражат бөлүп бериши керек. 

Шайлоо 405 жергиликтүү кеңеште өтөт. Алардын ичинде 384 айыл, 21 шаардык (Бишкекте, Жалал-Абадда, Нарында, Таласта, Баткенде, Кара-Балтада, Чолпон-Атада, Кантта, Өзгөндө, Исфанада жана башка шаарларда) кеңештери бар. 

Spitnik Кыргызстан Жогорку Кеңештин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан жана азыркы иштеп жаткан шаардык кеңешке кирбей калган партия өкүлдөрүнөн кезектеги шайлоодо ким ат салыша турганын сурап көрдү. 

Ким катышат? 

Азыр Бишкек шаардык кеңеши төрт фракциядан турат. Алар КСДП, "Ата Мекен", "Замандаш" жана "Республика". Жогорку Кеңешке КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Ата Мекен", "Кыргызстан", "Бир Бол" жана "Өнүгүү — Прогресс" болуп алты саясий топ кирген. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов
Депутат Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов

КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов социал-демократтар шайлоого сөзсүз катыша тургандыгын билдирди. 

Ал аталган партия өлкөдө эң абройлуулардан экенин, айыл жери менен шаарларда "тамыр жайганын" баса белгиледи. 

"Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк мандаты биздин колубузда, андыктан алдыдагы шайлоого катышалы деп даярданып, тактап жатабыз. КСДПдан депутаттардын курамы, албетте, объективдүү жана субъективдүү себептер менен өзгөрөт. Жаңы мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлер — мугалимдер менен дарыгерлер — эми шайлоого катыша албайт. Андан тышкары, активдүү жана пассивдүү депутаттар бар, тизмени бардык жагдайларды эске алуу менен түзөбүз", — деди депутат. 

Шайлоо участогуна желек илүү, архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: 405 аймакта жергиликтүү кеңеш шайлоосун өткөрүүгө 218,5 млн. сом кетет
Бишкек шаардык кеңешиндеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Рыспай Аматов акыркы чечим партиянын жакынкы арада болчу жыйынында кабыл алына турганын айтып, бирок социалисттер бардык шайлоолорго катышуу салтын бузбайт болуш керек деп билдирди. 

"Биздин партия дайыма катышып келген, бул жолу да четте калбайбыз", — деди Аматов. 

Ал эми "Замандаш" фракциясынын БШКдагы башчысы Анарбек Сарымсаков жакында бул саясий уюмдун жыйыны боло турганын, бирок алдын ала чечим кабыл алынганын билдирди. 

"Бардык партиялар шайлоого катышсак дейт. Биз да катышабыз", — деди депутат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Руслан Казакбаев
Депутат Руслан Казакбаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Руслан Казакбаев
Жаңы саясий жарышта өз күчүн сынап көрүүнү "Республика — Ата-Журт" бириккен партиясы да чечкенин ЖКнын депутаты Руслан Казакбаев билдирди. 

"Өнүгүү — Прогресс" партиясы борбор калаанын кеңешинде азыр жок, бирок саясатчылар бул абалды оңдосок деп турат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК Тынчтык Шайназаров
Депутат ЖК Тынчтык Шайназаров - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Тынчтык Шайназаров

"Албетте, биз бул шайлоого катышабыз. Бишкекте эле эмес, башка шаарлар менен айыл аймактарында да катышканы турабыз. Азыр биздин өкүлдөр шайлоо мурдараак өткөн бир нече шаардык кеңештерде бар", — деди ЖКнын "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан депутаты Тынчтык Шайназаров. 

"Бир Бол" парламенттик фракциясы да БШКнын алдыдагы шайлоосуна катышканы турат. Партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев акыркы чечим жакында болчу жыйында кабыл алынарын белгиледи. 

© Фото / пресс-служба политпартии "Бир бол""Бир Бол" партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич - Sputnik Кыргызстан
"Бир Бол" партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев

"Алдын ала чечим бар — биз катышабыз, бирок жыйында баары кенен талкууланат", — деди Эсеналиев. 

Шайлоо алдындагы жарышка катышууга даяр экендигин "Бир Бол" жана "Өнүгүү — Прогресс" сыякуу жакында гана түзүлүп, Жогорку Кеңешке кире алган дагы бир жаш партия — "Кыргызстан" да билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКнын депутаты Дастан Жумабеков
Депутат Дастанбек Джумабеков  - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын депутаты Дастан Жумабеков

"Бул суроо мурдатан талкууланган. Биз Бишкекте гана эмес, башка айыл-шаарларда да шайлоого катышабыз. Азыр партиялык тизменин үстүндө ойлонуп жатабыз", — деди ЖКнын депутаты Дастан Жумабеков.

№2 аракет

Алдыдагы шайлоодо Жогорку Кеңешке жана БШКга мүчө саясий уюмдар гана эмес, 2012-жылы да таймашып, бирок 7 пайыздык чектен аша албай калгандар да өз күчүн сынап көрмөкчү. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ар-Намыс" паритясынын лидери Феликс Кулов
Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию - Sputnik Кыргызстан
"Ар-Намыс" паритясынын лидери Феликс Кулов

Алсак, "Ар-Намыс" паритясынын лидери Феликс Кулов аталган маселе азыр талкууланып жатканын айтты. 

"Биз катышсак деп турабыз, бирок тактика, кыязы, башкача болот окшойт. Кимдир бирөө бириккиси келсе, дагы бири шайлоого өз алдынча барсам дейт… Азыр талкуулап жатабыз", — деди Кулов. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы да, сыягы, ат салышып көрөт. Анын лидери Адахан Мадумаров айткандай, бул туурасында андан "жер-жерлердеги жаштар сурап жатканы" менен ал алдыдагы шайлоолор ачык-айкын өтөрүнө ишенбейт. 

"Добушту го эл берет, бирок "акылдуу" корей кутулары аны өз билгенинче санап коёт. Биз ошол кутулардан арылмайынча, бизде мыйзамдуу шайлоо болбойт. Айрым адамдар шайлоонун натыйжаларын каалагандай программалап койсо болот деп ачык эле айтып жатышат. Биз үчүн, мисалы, 1:7 катнашта тууралап коюшу мүмкүн, ошондо бизге 70 адам добуш берсе да, машина 10 добушту көрсөтүп коёт. Биз жер-жерлерде ар бир уюм менен чогулуш өткөрүп, кеңешип, анан чечим кабыл алабыз", — деди Мадумаров. 

Ошондой ал өз партиясы шайлоого катышары толук мүмкүн деп кошумчалады. 

Жаш ишкерлер менен активисттердин "Бөгөтсүз жашоо үчүн" партиясы да шаардык кеңештин мурунку шайлоолоруна катышып, бирок керектүү сандагы добуш топтой алган эмес. 

"Алдыдагы шайлоого катышуу маселесин азырынча карап жатабыз. Барар-барбасыбызды так айта албайм, бирок эгер чечсек, эч кимге кошулбастан өз алдыбызча катышабыз. Акыркы чечим жакынкы жумаларда кабыл алынат", — деди партиянын өкүлү Мирбек Асангариев. 

© Фото / из личного архива Темирбека Асанбекова"Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери Темир Асанбеков
Лидер партии Мекен ынтымагы Темирбек Асанбеков - Sputnik Кыргызстан
"Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери Темир Асанбеков
Ал эми лидери Темир Асанбеков мурдатан президенттике өз талапкерлигин коюп келген "Мекен Ынтымагы" партиясы, кыязы, бул жолу шаардык кеңеш шайлоосуна катышпайт. 

"Жалпы жоопкерчиликсиздиктин үлгүсү болгон азыркы система, ошондой эле коммерциялык демократияга негизделген шайлоо алдындагы кампания ойго салат. Шайлоого катышар-катышпасыбызды толук чече элекпиз, бирок катышпайт болушубуз керек", — деди Асанбеков. 

Шайлоо + референдум 

405 жергиликтүү кеңештин шайлоосунда биринчи жолу жаңы технологиялар колдонулганы жатат. Шайлоочулар биометрикалык жабдуу менен таанылып, ал эми шайлоонун жыйынтыктарын "акылдуу" урналар чыгармакчы.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова
Председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова - Sputnik Кыргызстан
БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова
БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова декабрдагы шайлоого 220 миллион сом сарптала турганын билдирди.

"Шайлоонун бюджети дагы талкууланат, 405 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлаганы турабыз. 1 900 шайлоо аянтчасы ачылат. Биометрикалык идентификациялоо жана эсептей турган урналар колдонулат. Кошумча жабдуу талап кылынбайт, биз жергиликтүү шайлоого толук даярбыз", — деди БШКнын башчысы. 

Партияларды расмий каттоо кечээ президенттин жарлыгы "Эркин-Тоо" гезитинде жарыялангандан кийин башталды. Азыркы учурда бир да партия өзүнүн катыша турганын расмий билдире элек. Талапкерлерди каттоо добуш берерден 40 күн мурун (31 октябрда) аякташы керек. Ошол эле күнү үгүт иштерин баштоого болот. Бишкектеги шайлоого катыша турган партиялар 50 миң сом кепилдик төлөшү керек, ал эми башка шаарларда бул сумма 20 миң сомду түзөт, айыл кеңештерине талапкерлер шайлоого акысыз катышат. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: декабрда шайлоо да, референдум да өткөрөбүз
Шайылдабекова БШК референдумду жергиликтүү шайлоо менен чогуу бир күндө өткөрүүгө даяр экендигин, мындай кадам убакытты да, каражатты да үнөмдөй турганын кошумчалады. Баары парламенттин чечимине жана аны өткөрүү тартиби каралган мыйзам долбоорунун кабыл алынышына жараша болмокчу. Аталган мыйзам долбоорунда референдумду добуш берүүнүн башка түрлөрү менен айкаштыруу мүмкүнчүлүгү да каралган. 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 2012-жылы алгачкы жолу партиялык тизме боюнча өткөн. Анда каалоочулар көп болуп, өз арыздарын 23 партия берген. Бирок алардын төртөө гана Бишкек шаардык кеңешине өтө алган. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, борбор калаада шайлоочулардын 35,85 пайызы гана добуш берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0