ЖК, талкуу, тантык тил. Конституцияны өзгөртүү сунушу депутаттарды чабыштырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследнее заседание Жогорку Кенеш V созыва
Последнее заседание Жогорку Кенеш V созыва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечилер Конституцияны өзгөртүү заман талабы десе, каршы чыккандар шашып жатабыз деген пикирде.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Конституцияны өзгөртүү тууралуу референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору депутаттарды эки жээкке бөлдү. 

Эске сала кетсек, КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Аталган сунушту президент колдоо алганы менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаевалар каршы чыгышкан. Ошондон улам өлкөдөгү саясий кырдаал күч алып кеткен. 

Мыйзам долбоору тууралуу "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев баяндама жасап, баш мыйзамды өзгөртүү заман талабы экенин билдирди.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев
Депутат ЖК шестого созыва Канатбек Исаев - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев

"Акыркы алты жылда дүйнөдө көп нерселер өзгөрдү. Алардын баарын 2010-жылы Конституцияны кабыл алып жатканда билүү мүмкүн эмес эле. Ошондуктан учурдагы чакырыктарды, кооптонууларды жоюу үчүн жаңы Конституцияны сунуштап жатабыз. Демилгени 90 депутат жактырган", — деди Исаев. 

Талкуу учурунда Акылбек Жапаров буга чейин өз сунуштарын кат түрүндө жөнөткөнүн, бирок эч кандай жооп келбегенин билдирди. Аталган суроого Исаев жооп берип, эксперттик топ айрым сунуштарды кабыл албаганын билдирди.

"Биздин фракциянын сунуштары да эске алынбай калды. Сунуштарды эксперттик топ карап, айрымдарды жактырган жок. Бизге да жооп келген эмес", — деди Исаев. 

Кыргызстандагы шайлоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Каржы министри: референдум өткөрүүгө 317 млн. сом керектелет
Ал эми "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев демилгени 80ден ашуун депутат колдогонун, ошол эле эл өкүлдөрү кайра суроо берүүгө жазылганы туура эмес экенин айтты. 

"Өзгөртүүлөрдү колдогон депутаттардын көпчүлүгү суроо берүүгө жазылып алышыптыр. Бул туура эмес. Колдогон соң суроолорду бербей өткөрүп коелу", — деди Масалиев. 

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова аталган маселе тармактык комитетте мыйзамсыз добуш берилгенин айтып чыкты. 

"Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетте референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө келгенде төрт адам эле каршы деп добуш бердик. Калгандар үн каткан жок. Төрайым болсо алардын үн катпаганын макул деп эсептеп койду", — деди Жакупова. 

Аталган комитеттин төрайымы Асел Кодуранова эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун айтып, маселени кароо уланды. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
ЖК комитети Баш мыйзам боюнча референдум өткөрүү демилгесин колдоду
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын демилгечилер кайсыл берененин негизинде сунуштап жатат деген суроосу жоопсуз калды. 

Ал эми ушул эле фракциянын депутаты Каныбек Иманалиев сунушталган Баш мыйзамдын кыргыз тили тантык тилде жазылганын айтып, шашпай которуп чыгуу сунушун айтты. 

Эл өкүлдөрү түшкү танапис убактысы болуп калгандыктан, талкууну тыныгуудан кийин улантмай болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0