00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

КР делегациясынын башчысы ЕККУ Батыровго дагы сөз бергенде залдан чыгып кетти

© flickr.com / OSCE Parliamentary AssemФлаг ОБСЕ
Флаг ОБСЕ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары ЕККУ кылмышкерге сөз берилгендигине нааразы болду.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева ЕККУ Демократиялык институт жана адам укугу боюнча бюросунун "Дискриминация эмес жана толеранттуулук" деген темадагы 10-отурумунда Кадыржан Батыровго сөз берилгендигине нааразылык билдирип, залдан чыгып кетти. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады. 

ЕККУнун Демократиялык институт жана адам укугу боюнча бюросунун отуруму дүйшөмбү күнү Варшава шаарында өткөн.

Карыбаева Батыровдун 20-сентябрдагы ЕККУнун трибунасынан чыгып сүйлөгөнү аталган уюмдун Кыргызстанга урматтоосунун жоктугу жана кайгылуу окуяларга болгон таш боордук катары кабыл алынганын айтты. КР делегациясынын жетекчиси Батыровго кайрадан сөз берилгенде нааразычылык иретинде залдан чыгып кетти. 

Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: ЕККУ Батыровдон кийин "Ислам мамлекетинин" өкүлдөрүнө да сөз бериши ажеп эмес
Буга чейин 20-сентябрда Батыров Варшава шаарында Кыргызстанда Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча сын-пикирин айтып жана анын 2010-жылы өлкөдөн ээн-эркин чыгып кетишин иликтөө боюнча жаңы кылмыш иши ачылгандыгына бийликке нааразычылыгын билдирген. Андын сырткары, аталган окуя боюнча кылмыш жообуна тартылып, абакта отурган Азимжан Аскаровго карата чыккан сот өкүмүн сындаган.

Батыровго КРдин Жогорку Соту тарабынан 2010-жылдагы улут аралык араздашуунун отун жаккандыгы үчүн сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган өкүм чыгып, кыргыз бийлиги ага издөө жарыялаган. Кыргызстан Батыров боюнча пикирин жакындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-отурумунда дагы бир ирет билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0