Атамбаев Лебедев менен саммиттин күн тартибин талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-сентябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедевди кабыл алды.
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-сентябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедевди кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ лидерлеринин саммити 16-сентябрь күнү Бишкек шаарында болот.

БИШКЕК, 15–сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-сентябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

КМШ президенттерин тосуу үчүн даярдалан конок үй - Sputnik Кыргызстан
Бийлик КМШ президенттери кайда жайгашарын көрсөттү
Жолугушууда мамлекет башчы Бишкекте өтчү мааракелик саммитке даярдык көрүү боюнча иш чаралар жөнүндө маалыматты укту.

Президент Атамбаев менен КМШнын аткаруучу катчысы Лебедев алдыдагы саммиттин күн тартибин талкуулап, андагы бир катар маанилүү маселелерге токтолду.

Эске сала кетсек, 16-сентябрь күнү Бишкек шаарында КМШ лидерлеринин саммити өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0