Премьер-министр мамлекеттик кызматтардын штатын көбөйтүүгө мараторий киргизди

Жазылуу
Бул кадам мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтуу менен бюджеттеги чыгымдарды азайтууга багытталган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтардын штатын көбөйтүүгө мораторий киргизди.

Аталган кадам өкмөттүн штаттык көлөмүн азайтуу боюнча түзүлгөн топтун планына карата ишке ашырылууда. 

"Мораторий 2017-жылдын аягына чейин күчүндө болот. Ага ылайык, министрликтердеги, облустагы өкүлчүлүктөрдөгү жана акимчиликтердеги штаттарты кеңейтүүгө болбойт", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган жарлыкка ылайык, мораторийдин күч структураларына тиешеси жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0