Кара-Көл шаарынын мэри кызматтан алынды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүСтолдогу портфель. Архив
Столдогу портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин мыйзамсыз жер саткан деп айыпталып келген.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиев кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Аталган буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Буга чейин Башкы прокуратура экс-мэрдин бир канча ирет мыйзам бузгандыгын, ага карата кылмыш иши козголгонун премьер-министрге кабарлаган. 

Койчиев мыйзамсыз жер саткан деп айыпталып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0