Премьер-министр иш сапар менен Ысык-Көлгө жөнөп кетти

© Фото / Айша КамиловаПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков иш сапарынын алкагында Көчмөндөр оюндары өтө турган объектилерди текшерет.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кеткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында Жээнбеков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыкты текшерип, Чолпон-Ата шаарында салынып жаткан ипподромдун курулушу менен таанышат. Мындан тышкары, Тамчы айылындагы эл аралык "Ысык-Көл" аэропортунун реконструкцияланышын көрөт.

"Өкмөт башчы Көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү өтө турган Кырчын жайлоосуна барат. Мындан тышкары, Бактуу-Долоноту айылындагы ден соолукту чыңдоочу комплекстин курулушу менен таанышат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Иш сапар учурунда премьер-министрди маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов, транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров жана өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Аскар Акибаев коштоп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0