Осмоналиев Акылбек Шарипович. Өмүр баяны

© пресс-служба Нацстатком КРКР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси. Архив
КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акылбек Осмоналиев 1964-жылы 10-августта туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз айыл-чарба институтун "зооинженер" адистиги боюнча аяктаган. Андан сырткары, Кыргыз улуттук университетинен "юриспруденция" боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

 

  • 1981-1983 — Ош облусунун Ноокат районундагы №44 жылкы заводунда катардагы жумушчу;
  • 1988-1989 — аталган заводдо зоотехник;
  • 1989-1992 — Ноокат агроөнөр жай бирикмесинде башкы адис;
  • 1992-жылдын апрелинен 1994-жылдын мартына чейин Ноокат райондук мамлекеттик администрация аппаратынын референти болуп эмгектенген;
  • 1994-1995 — №44 жылкы заводунун директорунун орун басары;
  • 1995-1996 — "Алике" дыйкан чарбасынын жетекчиси;.
  • 1996-жылдын августунан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Аппаратынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин 1-категориядагы адиси, 1997-жылдын май айынан тартып референти, 1999-жылдын январынан декабрына чейин эксперти болуп дайындалган;
  • 1999-2000 — Айыл жана суу чарба министрлигинин Мал чарбасынын продукцияларын өндүрүүнү өркүндөтүү жана маркетинг департаментинин жетекчиси;
  • 2000-жылдын апрелинен тартып Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басарынын жардамчысы; 
  • 2004-2005 — КР премьер-министр аппаратынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгынын уюштуруу иштери боюнча инспектору;
  • 2005-2006 — Жогорку Кеңештин Агроөнөр жай комплекси жана экология боюнча комитетинин, Жер пайдалануу боюнча комиссиянын ишмердигин камсыз кылуу боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары;
  • 2006-2009 — КР президентинин администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат секторунун эксперти; 
  • 2009-жылдын январынан тартып Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • 2012-жылдын февраль айынан тартып Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
  • 2016-жылдын апрелинен тарта КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси. 
  • 2018-жылдын август айынан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү. 

 

"Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чени ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0