Премьер-министр Сариевди кантип кетиришти

Жазылуу
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тарта өкмөттү 27 премьер-министр башкарган. Алардын бир катарлары чыр-чатакка аралашып калгандыктан, айласыздан кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Бул сапаркы өкмөт башчы Темир Сариев отставкага берерин айтты. Сариевди кантип "кетиришкендиги" туурасында Sputnik Кыргызстандын топтомунан окусаңыз болот.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өлкөнүн үчүнчү фигурасы болгон премьер-министр Темир Сариевдин айланасында чуу чыгып, бул анын отставкасына алып келди.

Өткөн шаршемби күнү транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан.

Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендер чырын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өткөн ишемби күнү премьер-министр Темир Сариевге жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени парламенттин кароосуна алып чыгаарын билдирген. Ал эми анын эртеси, жекшембиде өкмөт башчысы Сариев бул боюнча билдирүү жазып, Facebook баракчасына жайгаштырган.

Бул Кыргызстандагы чыр-чатактуу биринчи окуя эмес. Бир канча өкмөт башчылар ар кыл териштирүүлөргө, күнөөлөгөн сын-пикирге кабылып, басымдуу бөлүгү отставкага кеткен. 

Sputnik Кыргызстан төмөндө мындай учурлар боюнча окуялардын топтомун сунуштайт. 

Алтын аралашкан чыр 

Сариевдер Сариевдер жөнүндө эмне дейт
Cameco компаниясы Кыргызстан эгемендүүлүккө жаңыдан гана ээ болгон учурда өлкөдөгү ири "Кумтөр" алтын кенин иштетүүгө лицензия алган. Баалуу металлды казуу башталгантан тарта депутаттар бийлик башындагы биринчи адамдарды күнөөлөп, бир топ сын-пикирлерди айта баштаган. Жыйынтыгында, 1993-жылы декабрь айында премьер-министр Турсунбек Чыңгышев отставкага кеткен. Анын "Кыргызстанда келесоолор менен жалкоолор гана уурдабайт" деген фразасы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тараган.

Аксы окуясы 

Оппозициялык маанайдагы депутат Азимбек Бекназаров камакка алынган окуя ырбап отуруп, аксылык алты кишинин жана ачкачылык жарыялагандардын өмүрүн алган. Мындан кийин оппозициянын массалык түрдөгү нааразычылыктары айтылып, ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев ички иштер министри баштаган бир нече чиновниктер отставкага кеткен. 

© AFP / FREDERIC BROWNНиколай Танаев(2002-2005)
Бывший премьер-министр Кыргызстана Николай Тимофеевич Танаев - Sputnik Кыргызстан
Николай Танаев(2002-2005)

2005-жыл

Бакиевдин мураскору Николай Танаев 2005-жылы 24-марттагы окуядан кийин отставкага кетти. Окуядан бир нече күн өткөндөн кийин Пенза облусунун губернатору Василий Бочкарёв аны Пензага кайтып келүүнү сунуштаган. Танаевдин балалыгы аталган аймакта өткөн. 

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүФеликс Кулов(2005-2007)
Экс-глава кабинета министров Кыргызстана Феликс Кулов - Sputnik Кыргызстан
Феликс Кулов(2005-2007)

Таш-талканы чыккан тандем

Өкмөт мүчөлөрү отставкага кеткен Темир Сариевди ордунан туруп кол чабуу менен узатышты
2005-жылы Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеми түзүлүп, шарт боюнча биринчиси президенттикке барып, экинчиси өкмөттү башкармак. Бирок, Куловдун бир нече чыр-чатакка байланышы бар экендиги айтылып, криминалдык дүйнөнүн төбөлү атыккан Рысбек Акматбаев өкмөт башчысын өзүнүн бир тууганы, түрмөдө атылган Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө тиешеси бар деген доо койду. Андан ары Бакиев тандемдеши Куловду саясий чыңалууга алып келип жана бийликти криминалдаштырды деген ызы-чуунунун себепкери атады. Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин өкмөт кайра шайлануу үмүтү менен отставкага кетет. Бирок Куловду парламент эки жолу тең шайлабай коет. Бакиев кризисти болтурбоо максатында 2007-жылдын башында таптакыр башка адамдын — Азим Исабековдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү. Буга жинденген Кулов бир нече митингдерди өткөрүп, Бакиевдин отставкасын талап кылды. 

Кол алдындагылар менен келише албай… 

Кезектеги премьер Азим Исабеков бир нече министрлерди жылуу ордунан козгоого аракет кылды. Өкмөт башчынын мындай кадамына ичи чыкпаган президент айтпай-дебей туруп, 2007-жылдын 29-мартында Исабековду отставкага айдаган. Ошентип, Кыргызстандын тарыхында өкмөттүн тизгинин эки ай башкаргандар да жазылып калды. 

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүДанияр Усенов(2009-2010)
Экс-глава кыргызстанского кабмина Данияр Токтогулович Усенов - Sputnik Кыргызстан
Данияр Усенов(2009-2010)

2010-жыл

2010-жылдын 7-апрелиндеги баш аламандыктан кийин Курманбек Бакиев гана тактысынан жылмышпастан, ал дайындаган Данияр Үсөнөв да ээрден оогон.

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүРоза Отунбаева(7 апреля — 17 декабря 2010)
Роза Отунбаева - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева(7 апреля — 17 декабря 2010)

Ат премьерди алып түшкөндө 

Өкмөттүн кийинки эки башчысы Роза Отунбаева (техникалык өкмөттү жетектеген) менен Алмазбек Атамбаев чатагы жок тынч кетти. Роза Исаковна кызматын тапшырып, убактылуу бийликти жетектесе, ал эми Алмазбек Шаршенович жогорулап кетти. 

© Sputnik / Табылды КадырбековОмурбек Бабанов(2012)
Депутат 6-го созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Омурбек Бабанов(2012)

Бирок, кийинки премьер Өмүрбек Бабанов бир катар ызы-чуунун ортосунда калды. Алгач, рейдерчилик, андан соң салык жашыргандык менен айыпталды. Муну менен катар эле ага MegaCom компаниясынын айланасындагы чырга катыштыгы бар делген чоң доо коюлду. Өкмөт башчыны "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары түркиялык компаниядан пара катары аргымак алган деп премьерлик ээрден шыпырып түштү. Буга башка фракциялар да каршы болгон эмес. 

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖанторо Сатыбалдиев(2012-2014)
Парламент Кыргызстана денонсировал соглашение о ЦТП Манас - Sputnik Кыргызстан
Жанторо Сатыбалдиев(2012-2014)

"Ата Мекен" өкмөттүн тизгинин колуна алганда

Кийинки өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев беркисинен өтүп, чоң чырдын ортосунан чыкты. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссия финансылык бир катар калпыстыктарды таап чыкты. Ага Дирекциянын ошол кездеги жетекчиси Сатыбалдиев айыпталды. "Ата Мекен" бул себептен парламенттеги көпчүлүк коалициядан чыгып кетип, бул кайрадан министрлер кабинетинин отставкасына алып келди. Ошентип, "Ата Мекен" өкмөттү эки ирет таратты. 

Азыркы премьер-министр Темир Сариевдин алдындагы Жоомарт Оторбаев өкмөт башчылык кызматты 2015-жылдын 23-мартында өз каалоосу менен тапшырып берди. Айтмакчы, бул сапар "Кумтөр" экинчи премьердин отставкага кетишине себепкер болду. Бул коомчулук менен депутаттар арасында ар кыл пикирлерди жараткан.

Сариевдин премьерлиги эмнеси менен эсте калды: демилгелер, ийгиликтер жана "бармак тиштеген" учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0