Искандаров: Өзбекстандын кадамын Кыргызстанга басып кирүү катары баалоого болот

© Sputnik / Таалай ОроскуловӨкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров. Архив
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" макулдашылбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жаап, аскерин жана БТРлерин жайгаштырган.

БИШКЕК, 24 мар. — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районунун Чаласарт аймагындагы өзбек тараптын аракетин Кыргызстанга басып кирүү катары баалай турганын өкмөттүн чек аралар боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйында билдирди.

Атамбаев: эгер аба бизге Ташкент аркылуу өтсө, аны деле жаап салышмак экен
Буга чейин 18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" макулдашылбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жаап, аскерин жана БТРлерин жайгаштырган. Мындан тышкары, "Маданият" өткөрүү пунктун жаап салган. Өзбек тарап мындай аракетин "Нооруз" майрамын белгилөө үчүн коопсуздук чараларын көрүү үчүн жасаганын билдирген.

Искандаров өз сөзүндө кыргыз-өзбек чек арасында мындай макулдашылбаган 58 аймак бар экенин айтып, делимитация иштери аяктаганга чейин эч бир тарап өз алдынча кандайдыр бир көзөмөл өткөрүү жайларын кое албай турганын кошумчалады.

"Сузак районунда Тешик-Таш аймагында 76 гектар жер бар. Бардык документтер боюнча бул аймак бизге таандык. Аталган аймакка өзбек тарап траншеяларды казып, тикенек зымдарды тосуп алып, айдоо жерлерин колдонуп жатат", — деди ал.

Искандаров Ноокен районундагы Ношкен деген жерди да коңшу мамлекет колдонуп келерин кошумчалап, делимитация учурунда аталган жер Кыргызстанга кайтарылышы керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0