БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилигине Кубанычбек Кулматов дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 14-март күнү кол койду.
Өкмөт башчы башка буйрук менен аталган фондду Кулматовго чейин жетектеп келген Нурсулуу Ахмедованы кызматынан бошотту.
Кулматов буга чейин Бишкек шаарынын мэри болуп келген. Ал кызматынан өз ыктыяры менен февраль айында кеткен.