Атамбаев иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти

Жазылуу
Өлкө башчы иш сапарынын алкагында Казакстандын Бурабай поселогунда өтүүчү КМШ мамлекеттеринин кеңешине жана ЕЭК жыйынына катышат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга иш сапар менен жөнөп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Иш сапардын алкагында Атамбаев 16-октябрь күнү КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык Жогорку Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат. 

Жыйындар Казакстандын Бурабай поселогунда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0