"Бүтүн Кыргызстан Эмгектин" тизмесиндеги экс-депутаттар жана опера ырчысы

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСаясатчы Адахан Мадумаров. Архив
Саясатчы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыңкы эки орунда ишкер Аскар Салымбеков менен саясатчы Адахан Мадумаров турат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" саясий партиясы парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин жарыялады.

Парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген. Талапка ылайык, 25-августка чейин саясий партиялар БШКга талапкерлердин тизмесин бериши керек.

Тизмеде биринчи болуп ишкер жана экс-депутат Аскар Салымбеков катталган. Андан кийинки орунду партиянын теңтөрагасы, саясатчы Адахан Мадумаров ээледи.

Партиянын биринчи ондугу төмөнкүдөй:

  • Аскар Салымбеков;
  • Адахан Мадумаров;
  • Олег Подобедов;
  • Дамира Дөлөталиева;
  • Бахтияр Фаттахов;
  • Мусабек Турсункулов;
  • Нарынбек Молдобаев;
  • Надира Нарматова;
  • Каныбек Нарбаев;
  • Эрнис Сооронбаев.

Андан кийин 12-болуп экс-депутат Урмат Аманбаева келсе, 15-орунда экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов жайгашкан. Тизмеде булардан тышкары мурунку депутат Рашид Тагаев жана опера ырчысы, КРдин Эл артисти Керим Турапов бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0