БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Жогорку Кеңеш акыйкатчы Бактыбек Аманбаевди отставкага кетирди.
Аманбаевди кызматынан кетирүүгө көпчүлүк фракциясынын 56 депутаты добуш берген. 16 парламентарий "каршы" деген оюн билдирген.
Буга чейин профилдик комитет көпчүлүк фракциянын Аманбаевди ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун колдогон.
10-июнь күнү Жогорку Кеңеш акыйкатчынын 2014-жылга карата отчетун угуп, канааттандырарлык эмес деген баа берген.