Транспорт жана байланыш министри Султанов кызматтан кетүү жөнүндө арызын берди

Жазылуу
Калыкбек Султанов кызматтан кетүү боюнча арызын өз ыктыяры менен жазган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазганын өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматтарга ылайык, Султанов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

Султанов бул кызматка 2011-жылдын декабрь айында келген. Көпчүлүк коалициялык макулдашууга ылайык, аталган министрликтин жетекчисин тандоо квотасы "Ата Мекен" фракциясына берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0