Президент Атамбаев Аксы окуяларында курман болгондорду эскерди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Атамбаев Аксы окуяларында курман болгондорду эскерди
Президент Атамбаев Аксы окуяларында курман болгондорду эскерди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы мындан он үч жыл мурда болгон Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди.

БИШКЕК, 17-мар. – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерди. 

Мамлекет башчысы баш калаанын борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуяларында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл койду.

Эскерүү 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон окуялардын жылдыгына арналды.

Мындан 13 мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 17-18-март күндөрү укук коргоо органдары тарабынан саясий нааразычылык менен чыккан куралсыз элге ок атылып, алты киши окко учкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0