05:57 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Капитолий в Вашингтоне

Антироссиялык резолюцияга каршы петиция 15 миңдей кол топтоду

© Sputnik / Владимир Федоренко
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
12 0 0

758-резолюцияны жокко чыгарууга чакырган петиция 14 миңден ашык кол топтоду. Резолюция фактыларды бурмалап, Россия менен кастык мамилени жаратууну максат кылат, деп баса белгилейт Деннис Кусинич.

БИШКЕК, 11 дек — Sputnik. АКШнын мурдагы конгрессмени Деннис Кусинич Конгресстин эл өкүлдөр палатасы кабыл алган антироссиялык 758-резолюцияга каршы петицияны жарыялады, деп билдирет РИА Новости DIY RootsActio сайтына таянуу менен. 

DIY RootsAction сайтында жарыяланган петиция ушул жаңылык жазылып жаткан учурда 14 миң 600 кол топтогон. Петициянын максаты — "жакында эле Конгресстин эл өкүлдөр палатасы кабыл алган 758-резолюциядагы чараларды жокко чыгаруу". Анда "758-резолюция фактыларды бурмалап, АКШ өзү күнөөлүү болгон иш-аракеттерди жүзү каралык менен айыптап, Россия менен кастык мамилелерди жаратууну максат кылат" деп белгиленген. 

Петициянын автору Кусинич буга чейин "Россия менен "суук" да, "ысык" да согушка жол жок" деген аталышта ачык кат жарыялаган болчу. Катта резолюциянын долбоорунда РФтин дарегине көптөгөн нааразычылыктар жана таарынычтар тизмектелгендигин, бирок, Россия АКШга так ушундай эле айыптоолорду такса боло тургандыгы белгиленген. 

758-резолюция Эл өкүлдөр палатасы тарабынан бейшембиде, 4-декабрда, кабыл алынган. Ал Россиянын бир катар мурдагы советтик республикаларга карата саясатын айыптайт, ошондой эле Обаманын администрациясынан РФга каршы санкцияларды киргизүүнү улантууну талап кылат. Документте буга чейин эле Москва бир нече жолу четке каккан айыптоолор да камтылган. 

Тема боюнча

Япониянын экс-премьери: РФке каршы санкцияларды жокко чыгарууга аракет кылуу керек
Путин санкциялар шартында экономикалык өнүгүүнү ЖРЭФ менен талкуулайт
Михаэль Хармс: РФтен санкциялар этап менен алынышы мүмкүн
Белгилер:
Деннис Кусинич, Россия, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ