00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Айчурок Зайырбекова: как психология помогает милиции в экстремальных условиях
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстандыктардын санариптик сабаттуулугу кандай? – Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдына коюлган милдеттерди кандай аткарды?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Шанс стать крутым бизнесменом — беседа о работе Университета «Евразия» с вице-спикером Госдумы РФ
10:04
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейби? Ыш менен күрөшүү кандай жүрүүдө?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровизация таможни: борьба с контрабандой и снижение бюрократии
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2025-жылы канча чакырым жол салынат? – инвестиция, жаңы техника, акы төлөнүүчү жол, кадр маселеси
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Пайыздык коюмдар жана инфлация
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Страна детей и открытой, предприимчивой молодежи — глава представительства «Россотрудничества» о Кыргызстане
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Оторбаев: Башкырстан менен товар алмашууда жакшы жылыштар бар

Жазылуу
КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашууда жакшы өзгөрүүлөр бар экендигин белгиледи.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Башкырстандын президенти Рустэм Хафизов менен Уфада жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Башкырстандын ортосундагы товар алмашуу жакшы жолго коюлуп жаткандыгын айтты. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Оторбаев Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу соода-экономикалык кызматташтык негизинен аймактык байланыштар аркылуу аныктала тургандыгын белгиледи. 

"Эки тараптуу сооданын 80%га чейинкиси эки мамлекеттин дал ошол аймактарындагы өнөктөштөрдүн иш-аракеттеринин аркасында ишке ашууда. Кыргызстан менен Башкырстандын ортосунда айыл чарба, өнөр жай, туризм тармагында кызматташтыкты өрчүтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр КР менен Башкырстандын ортосундагы товардык айланууда оң жылыштар бар экендиги маанилүү. Алсак, 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу 224 миллион 182,1 миң долларды түздү", — деп баса белгиледи премьер-министр.

Оторбаев Россиянын Жогорку муфтийи менен диний теманы талкуулады
Ошондой эле Оторбаев эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты жандандыруу боюнча иш-аракеттердин конкреттүү планын түзүүнү сунуштады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп маселелерди, анын ичинде Кыргызстанга минералдык семирткичтерди, ал эми КРден Россияга мөмө-жемиштер менен айыл чарба продукцияларын алып келүү, маданият жана билим тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. 2015-жылдын мартында Башкырстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүн уюштуруу жөнүндө макулдашылды. 

Башкыртстанга болгон иш сапарынын алкагында Жоомарт Оторбаев жергиликтүү ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, республиканын алдыңкы окуу жайларынын ректорлору менен жолугушуп, "Алексеевский" совхозуна барып, ал жерде айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы технологиялары менен таанышып кайтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0