12:08 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Работа Щелковской таможни

ББга кирүү боюнча мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда жактырылды

© Sputnik / Валерий Мельников
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
14 0 0

Өлкөнүн мыйзамдарын Бажы биримдигинин мүчөлөрүнүн мыйзам базаларына шайкеш келтирүү боюнча бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда жактырылды.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Жогорку Кеңеш өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусу боюнча мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн мыйзамдарын Бажы биримдигинин мүчөлөрүнүн мыйзам базаларына шайкештетүү боюнча бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окулушунда 8-октябрда, экинчи окулушунда 14-ноябрда жактырылган. 

Депутаттар парламенттин бейшембидеги отурумунда Кыргыз Республикасында лицензиялык уруксат берүү тутуму, тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасы, бажылык жөнгө салуу, эркин экономикалык аймактар, техникалык жөнгө салуу негиздери, бажы тарифтери тууралуу мыйзамдарга кошумчалар менен өзгөртүүлөрдү жактырышты. Салык кодексине, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштырууга каршы туруу жөнүндө мыйзамдарга, ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө, мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарга кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү мыйзамдар да колдоого алынды.

Андан сырткары, баңгизаттар жөнүндө, коомдук саламаттыкты сактоо, психотроптук заттар менен прекурсорлор, ветеринария жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр, ошондой эле, айдоо аянттарын башка категорияларга жана башка түрдөгү айыл чарба аянттарына которууга мораторий киргизүү долбоорлору колдоого алынды. 

Андан сырткары, КРде табигый жана уруксат берилген монополиялар, атаандаштык, ички соода, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, өсүмдүктөрдүн карантини, атмосфералык абаны коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо, энергетика жана жарнама жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорлорунун пакети биринчи окууда жактырылды.

Өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Россия, Беларусь жана Казакстан мамлекеттери кирген экономикалык биримдикке кошулууга ниети бекем экендигин бир нече ирет билдирген.

Тема:
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Бажы биримдиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ