Жыйынтыгында 30га чукул адам каза тапты, алардын алтоо жаш балдар экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Учактан чыккан өрттү өчүрүү үчүн 16 атайын техника иштөөдө.
Маалыматка караганда, учак Гонконгдон Стамбулга учуп бараткан. Ал эми "Манас" аэропортуна май куюп алуу үчүн конмок. Учурда кырсык болгон жерге өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү барды.
Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

"Манас" аэропортунун жанында кыйраган учак кыйраган жердеги ӨКМ кызматкерлери

Түрк авиакомпаниясынын жүк ташуучу учагы Дача-Суу айылындагы үйлөрдүн үстүнө кулады

Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, каза болгондордун арасында алты бала бар

Кыйроо болгон жерде ӨКМ, Тез жардам жана милиция кызматкерлери иштеп жатат

Учак Гонконгдон Стамбулга учуп бараткан. Бишкекке май куюп алуу үчүн конмок

"Манас" аэропортунун жанында учак кыйраган жердеги ӨКМ кызматкерлери

Учак күйүп жаткан жерде 16 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат

Алдын-ала маалыматтарга караганда, учактын кулашына аба-ырайынын катаал шарты себеп болгон

9/12
© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Учак кулаган жерде 23 үй жабыр тартты

Кыйроо болгон жерде ыкчам кызматтардын мындан аркы ишин координациялоо үчүн өкмөт мүчөлөрү иштеп жатат

Boeing-747 учагынын кайрашынан каза болгондордун жакындары

17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп белгиленди
