11:58 22 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: унаа алдында калган жоокерлерден жээкте жайнаган шоколадга чейин

Кыскача шилтеме алуу
1102 0 0
  • Германиянын Лангеог аралынын жээгинде капысынан эле Киндер-сюрприз шоколады менен оюнчуктар пайда болуп, аны бала бакча тарбиялануучулары кубануу менен тазалашты.  Катуу шамалдан улам Бремерхафен портуна бараткан жүк ташуучу кеменин бир нече контейнери сууга түшүп, толкун анын ичиндегилерди жээкке чыгарып салган.
  • Малайзиянын чыгыш жээгинде миңдеген адам катуу жааган жаандын айынан өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту. Рантан Панжанг шаарында жашаган балдар, төрт күн бою токтобогон жаандан топтолгон сууда жүрүшөт
  • Кыргызстандын христиан динин туткан жарандары 7-январь күнү Рождество майрамын майрамдашты
  • Австралияда Sydney Festival фестивалындагы бир миллион полиэтилен шарчалар менен толтурулган 60 метрлик бассейн
  • АКШнын экс-президенти Барак Обама Арлингтондо коштошуу сөзүн сүйлөп жатканда ардактуу кароолдун жоокери эстен танып, кулады
  • Колумбиянын Энвигадо шаарында үйлөмө шарлардын фестивалында
  • Лондондогу Метродо шымсыз флешмобунун катышуучулары. 15 жылдан бери болуп жаткан бул эл аралык флешмобго 25 өлкө, 60 шаардын тургундары катышкан
  • Лондондогу мода жумалыгындагы модель Дейзи Лаве
  • Индияда мектеп окуучулары йога сабагында
  • Иерусалимдеги туристтер арасында өтө популярдуу Армон ха-Нацив сейилдөө аянтына жакын жерде бир нече аскер кызматкерин жүк ташуучу унаа тебеледи
  • Американын Форт-Лодердейл аэропортунда атышуу болду. Беш адам каза болуп, 40 адам жараат алды
  • Лима шаарындагы зоопаркта өспүрүм бенгал жолборсун өпкүсү келип жатат
  • Токиодогу Цукидзи базарында жаңы жылдык аукциондо 212 килограмдык тунец балыгы 628 920 долларга сатылды
  • Нью-Йорктогу родео маалында букадан кулаган Стетсон Лоуренс
  • Лондондогу зоопарктын кызматкерлери жаныбарларды каттоо учурунда ар бир кумурскага чейин санап чыгышат
© AP Photo / Klaus Kremer / dpa
Германиянын Лангеог аралынын жээгинде капысынан эле "Киндер-сюрприз" шоколады менен оюнчуктар пайда болуп, аны бала бакча тарбиялануучулары кубануу менен тазалашты.
Катуу шамалдан улам Бремерхафен портуна бараткан жүк ташуучу кеменин бир нече контейнери сууга түшүп, толкун анын ичиндегилерди жээкке чыгарып салган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн жумада дүйнөдө болуп өткөн эң маанилүү окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Иерусалимдеги туристтер арасында өтө популярдуу Армон ха-Нацив сейилдөө аянтына жакын жерде бир нече аскер кызматкерин жүк ташуучу унаа тебелеп кетсе, Американын Форт-Лодердейл аэропортундагы атышуу беш кишинин өмүрүнө забын болду

Ал эми Германиянын Лангеог аралынын жээгинде капысынан эле "Киндер-сюрприз" шоколады менен оюнчуктар пайда болуп калды

Германиялык бардар күтүүсүз окуядан ырахат алып жаткан кезде Малайзиянын чыгыш жээгинде миңдеген адамдар катуу жааган жаандын айынан өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту. 

А Кыргызстандын христиан динин туткан жарандары 7-январь күнү Рождество майрамын майрамдашты. 

Ушул жана башка окуялар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрө аласыздар.

Тема боюнча

Ыр, бий жана шаан-шөкөт — президенттик балатыдан сүрөт түрмөк
Какаганга муштаган: үй-бүлөсүн эптеп баккан Жайлообектин экинчи көзү көрбөй калды
Белгилер:
жаныбарлар, маданият, окуя, дүйнө, баяндама, Сүрөт

ЭҢ МААНИЛҮҮ