05:57 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Сүрөт

Жоомарт Оторбаев: Токтогул Сатылганов эч ким тең келгис акын

Кыскача шилтеме алуу
56 0 0
  • Поэт и комузист Токтогул Сатылганов
  • Поэт и коммузист Токтогул Сатылганов
  • Поэт и комузист Токтогул Сатылганов
  • Кыргызский поэт и комузист Токтогул Сатылганов
  • Великий кыргызский поэт и комузист Токтогул Сатылганов
  • Кыргызский поэт и комузист Токтогул Сатылганов
  • Кыргызский поэт и комузист Токтогул Сатылганов
  • Поэт и комузист Токтогул Сатылганов
  • Кыргызский поэт и комузист Токтогул Сатылганов
  • Поэт и комузист Токтогул Сатылганов
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев.
Акын-демократ өз чыгармачылыгында кыргыз элинин боштондукка болгон умтулууларын, келечекке болгон үмүт-тилегин чеберчилик менен берген.

Жума күнү Кыргызстандын премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыздын улуу акыны жана комузчусу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган расмий салтанатка катышты.

БИШКЕК, 24-окт — Спутник Кыргызстан. Салтанатты ачып жатып, өкмөт башчысы президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. Анда төкмө акындын түрк тилдүү элдердин маданиятындагы ээлеген ордун белгиленген.

Өз сөзүндө Жоомарт Оторбаев Токтогул районунун тургундарын, жалпы кыргызстандыктарды жана меймандарды Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси менен куттуктады.

"Ушул элдин, ушул жердин кулуну болгон Токтогул Сатылгановдун көп кырдуу өнөрү баарына белгилүү. Ал эч ким теңдешкис акын, айтыш өнөрүнүн чебери жана улуу комузчу. Ырларында Токтогул элдин эркиндигин жана жыргалчылыгын даңазалаган, ал үчүн көп запкы чексе да карапайым элдин бактысы үчүн күрөшүнөн тайган эмес", — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Мындай иш-чаралар жаш муундарга өз ата-бабаларын билүүгө жана алар менен сыймыктанууга мүмкүндүк берет деп кошумчалады өкмөт башчысы.

ЭҢ МААНИЛҮҮ