00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
08:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБде курулуш сектору кандай өзгөрүүдө — курулуш материалдары жетишсизби?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Конец «ограниченной» ответственности: почему новая реформа пугает бизнес в КР
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жумуш жана тобокелдиктер: Россияда кыргызстандыктар кандай көйгөйлөргө туш болушат?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать, если ваш ПИН совпал с чужим - советы специалистов
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жеке пенсиялар: топтомолорду инвестициялоо эрежелери кандайча өзгөрөт?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом 2.0: как университеты Кыргызстана превращаются в научные хабы
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Чехословак «Интергельпо» кооперативинин кыргыз мамлекеттүүтүлүгүнун түптөлүшүнө кошкон салымы
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
20:06
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
20:23
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
21:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дональд Трамп президент болду. АКШдагы кыргыз мигранттар эмне болот?

© REUTERS / Carlo AllegriДональд Трамп избран президентом США
Дональд Трамп избран президентом США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШдагы шайлоодо алдын ала маалымат боюнча Дональд Трамп жеңди. Ал үгүт иштери учурунда президент болуп калса миграция маселесине дыкат көңүл бурарын айткан эле.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШда президенттик шайлоо өтүп, анда президенттикке Республика партиясынан Дональд Трамп ат салышса, Демократиялык партиядан Хиллари Клинтон көрсөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча Трамп алдыга озуп чыгып, АКШнын 45-президенти болуп калды. Ал шайлоочуларынын алдына чыгып, ыраазычылык билдирди.

Ушундан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги АКШда жашап жаткан мекендештерге кайрылып, Трамптын тушунда ал жактагы мигранттарга карата болгон мамиле тууралуу сурап көрдү. Себеби, Трамп шайлоо кампаниясы учурунда эгер президент болуп калса миграция маселесине өзгөчө көңүл буруп, мигранттардын санын кыскарта турганын айткан жайы бар.

АКШдагы кыргыздардын пикири

АКШда көп жылдан бери жашап жаткан кыргызстандык Камит Савай миграцияны катуу көзөмөлдөө үчүн алгач мыйзам кабыл алынышы керектигин белгиледи.

"Ооба, Трамп миграцияны катуу көзөмөлдөйбүз деген. Бирок ал үчүн мыйзам кабыл алынышы керек. Кандай болгон күндө да Америкага мигранттар керек, анткени көп жумуштарда мигранттар иштейт. Жада калса күчтүү IT-компаниялар деле жумушчуларды чет жактан алышат. Миграцияны такыр токтотуп, же мигранттарды кууш болбойт деп ойлойм", — деди Савай.

Сторонник кандидата в президенты США от Республиканской партии Дональда Трампа на площади Таймс-сквер в Нью-Йорке у экранов с предварительными итогами подсчета голосов на выборах президента США. - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак: Трамп менен Клинтонду сүрөгөн кыргыз коомчулугу
АКШнын Виржиния университетинде окуп жаткан Сейитбек Усманов Трамп шайлоо кампаниясы учурунда мигранттарга карата катуу көзөмөл болот деген убаданы шайлоочуларды кызыктыруу үчүн эле айтып койгон деген пикирде.

"Шайлоо кампаниясы учурунда Трамп 14 миллион мигрантты чыгарам деп айткан. Бирок мунун баарын иш жүзүндө аткаруу кыйын. Бул жакта Кыргызстандагыдай көчөдөн токтотуп алып, паспортун текшерүү деген нерсе жок. Андыктан мыйзам бузбасаң мигрант экениңди аныктоо кыйын. Трамп бизнесмен болгондуктан реалист киши. Ал мигранттардын АКШнын экономикасы үчүн кандай мааниси бар экенин билет. Анын үстүнө анын аялдары да мигранттар", — деди ал.

Усманов ошондой эле Трампты колдогондор негизинен жардылар, жумушу жок калам деп корккондор экенин кошумчалады.

Кыргызстандын серепчилери эмне дейт

Саясат таануучу Табылды Акеров республикачылар демократтарга караганда тышкы саясатта активдүү экенин айтат. Анын айтымында, Трамп эл аралык аренага көп чыгат. Ошол эле учурда республикачы Трамптын тышкы саясатта Хиллари Клинтон сыяктуу тажрыйбасы жок экенин билдирди.

"Эми ал бардыгын дыкат карап, буга чейинки саясий жүрүштөрдү өздөштүрүшү керек. Ал өзүнүн тышкы саясий багытын түзөт. Балким Трамп буга чейин маани бербеген нерселерге көңүл бөлүшү мүмкүн", — деди Акеров.

Ал ошондой эле тышкы саясатта Борбор Азия менен гана эмес Россия менен болгон мамиле да жөнгө салынарын белгиледи.

Дагы бир саясат таануучу Марат Казакпаев эл аралык аренада АКШнын жүрүштөрү өзгөрбөйт деген пикирде. Ал Трамп либералдуу болорун кошумчалады.

"Борбор Азия тууралуу Трамптын чукул айткандары жөн гана сөз. Негизинен эч нерсе деле өзгөрбөйт. Үгүт иштери учурунда айткандарын ал иш жүзүнө ашыра албайт. Ал жакшы эле саясат жүргүзөт", — деди Казакпаев.

Ошол учурда эксперт Россия менен АКШнын ортосунда сууп калган мамиле жанданарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0