Серепчилер: пансионаттарды кайтаруу — эрктүү чечим

© из архива Дмитрия ФедороваЫсык-көл жээги. Архив
Ысык-көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын менчигине Өзбекстан пайдаланып келген Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү "Алтын кум", "Рохат", "Дилором" жана тескейинде жайгашкан "Бустон" пансионаттары өтөт.

БИШКЕК, 5 апр — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү эрктүү чечим кабыл алды. Мындай пикирди өкмөттүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги Өзбекстан пайдаланган төрт пансионатты мамлекеттин карамагына өткөрүү жөнүндө чечимине түшүндүрмө берип жатып серепчилер билдирди. 

© SputnikЫсык-Көлдүн күңгөйүндөгү "Алтын кум" пансионаты
Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Алтын кум пансионаты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү "Алтын кум" пансионаты
© Sputnik"Рохат" пансионаты
2/3
"Рохат" пансионаты
© Sputnik"Дилором" пансионаты
Дилором пансионаты - Sputnik Кыргызстан
3/3
"Дилором" пансионаты
1/3
Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү "Алтын кум" пансионаты
2/3
"Рохат" пансионаты
3/3
"Дилором" пансионаты

Дүйшөмбү күнү премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көлдүн жээгиндеги буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген объектилерди Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүү жөнүндө өкмөттүн токтомуна кол койду. Чечим өкмөттүн кезексиз жабык жыйынында кабыл алынды.

Кыргыз өкмөтү Өзбекстандан 4 пансионатты эмненин негизинде алып жатканын түшүндүрдү
Кыргызстандын менчигине Өзбекстан пайдаланып келген Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү "Алтын кум", "Рохат", "Дилором" жана тескейинде жайгашкан "Бустон" пансионаттары өтөт.

Буга чейин чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Кыргызстан өлкөнүн аймагында жайгашкан бардык объектилерди өзүнүн карамагына өткөрүп алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирген.

Эрк

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Кыргызстан эгемендик алгандан бери СССР кулагандан кийин калган объектилерди юридикалык жактан менчиктөө иштерин жүргүзө электигин белгилеп өттү. 

"Жыйырма жылда баарына чекит коюп, өз мүлкүбүзгө ээ болсок болмок. Бул маселе ар кандай түшүнүксүз себептер менен бүтпөй келген", — дейт саясат таануучу.

Серепчи бул үчүн саясий эрк жана абдан көп алдын алуу иштери жүргүзүлүшү керек болчу деп эсептеп, аталган пансионаттарды кайтарып алуу азыркы өкмөткө кошумча упай алып келерин белгилейт.

"Мен өкмөттүн чечими өз маалында кабыл алынды деп эсептейм. Өкмөт башчы 20 жылдан ашык убакыттан бери созулган ишти соңуна чыгарды. Популизм жөнүндө канчалык айтсак да, бул эрктүүлүк талап кылынган маанилүү кадам. Айрыкча чек ара маселелери курчуп турган чакта", — дейт Бакетаев. 

Анын пикиринде өлкө пансионаттарды кандай пайдаланат — сатып жибереби же мамлекеттин менчигине калтырабы — ушул жагы маанилүү. 

Экс-вице-премьер Токон Мамытов мурдагы СССРдин объектилерин республиканын менчигине берүү боюнча келишим 1992-жылы эле кабыл алынганын белгиледи.

"Бирок тилекке каршы, өткөрүп берүү процесси узак убакытка созулуп кетти. Бул жерде өзбек тарап ачык эле сүйлөшүүлөрдү создуктурду. Эскерте кетсек, пансионаттар жөнүндө маселе Жогорку Кеңеш тарабынан дагы, өкмөт тарабынан дагы 2011-2012-жылдары көтөрүлгөн", — дейт Мамытов.

Серепчи азыркы учурда өкмөт баарына чекит койгонун, эми Кыргызстан аларды мындан ары кандай пайдаланары абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, өкмөт Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна объектилерди мамлекеттин менчигине кабыл алуу жана инвентаризациялоо жүргүзүү, мүлктү баалоо, аларды мындан ары колдонуу жана сактоону тапшырды.

КРдин аймагында жайгашкан жана Өзбекстандын юридикалык тараптары пайдаланып келген курорттук-рекреациялык чарбалардын объектилери:

  • Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" пансионаты, жалпы аянты 28,35 га;
  • Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Дилором" пансионаты, жалпы аянты 21,77 га;
  • Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Рохат-НБУ" пансионаты, жалпы аянты 19,05 га;
  • Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагында жайгашкан "Бустон" пансионаты, жалпы аянты 10,65 га.

КР ИИМге Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым өкүлү менен биргеликте Мамлекеттик мүлк фондусуна көмөк көрсөтүү жана объектилерди кайтарууну камсыздоо тапшырылды.

Кыргызстандын менчигине өткөн Өзбекстандын пансионаттарын Sputnik Кыргызстан агенттигинен инфографикасынан караңыз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0