Өзбекстан пайдаланып келген Кыргызстандагы пансионаттар тууралуу

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан пансионаттардын жалпы аянты жүз футбол талаасына барабар экенин аныктады.

Кыргызстан мамлекеттик менчигине Өзбекстан пайдаланып келген Ысык-Көлдөгү "Рохат", "Дилором", "Бустон" жана "Золотые пески" пансионаттарын алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  1. Аталган пансионаттардын үчөө Ысык-Көлдүн күңгөйүндө, ал эми "Бустон" — тескейде жайгашкан.
Кыргыз өкмөтү Өзбекстандан 4 пансионатты эмненин негизинде алып жатканын түшүндүрдү
2015-жылы Кыргызстандын казынасына 11,5 миллион сом салык төлөгөн.
  • Салык төлөмү боюнча аталган жайлардын эң кирешелүүсү "Золотые пески" болуп саналат — былтыр 4,56 миллион сом пайда алып келген.
  • Эң аз киреше алып келгени — "Бустон" пансионаты. Болгону 330 миң сом.
  • Пансионаттардын жалпы аянты 80 гектардан ашып, жүз футбол талаасына барабар.
  • Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда Өзбекстандын инвестициясы менен 115 ишкана иштейт.
  • Жаңылыктар түрмөгү
    0