Таластагы "Бекнур" реабилитациялык борборуна көмүр берилди

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүАрхив: Уголь
Архив: Уголь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борбордо тубаса шал оорусу менен ооруган 20 бала тарбияланат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Талас районунун Көк-Ой айылындагы "Бекнур" реабилитациялык борборуна боорукер кишилер 1,6 тонна көмүр бергенин борбордун жетекчиси Эрмек Жоробекова билдирди.

Аталган борбордо тубаса шал оорусу менен ооруган 20 бала тарбияланат.

Жоробекова көмүрдү ал жумушта болбогон маалда алып келип беришкенин айтты.

"Мен жумушта жок элем. Бир жарым тонна көмүрдү атайын машина менен алып келип беришиптир. Бизге жардам берген боорукер кишилерге ыраазычылык билдирем. Буюрса отун-тезегибиз жок калат деген коркунуч жок. Кыштын суугунда балдар суук бөлмөдө отурушпайт", — деди ал.

Белгилей кетсек, аталган борбордун отун-көмүрү жок калуу коркунучунда экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жазган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0