БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ишкердүүлүк менен алектенген уюмдар же жеке адамдар Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу унаа каражаты менен товар киргизип-чыгарууда мамлекеттик көзөмөлдөн өткөндүгү боюнча талон толтура турганын Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мындай эреже Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча документ Казакстан тарабынан ратификацияланганына байланыштуу кыргыз-казак бажы тосмолорунун алынышынан кийин киргизилет.
Шейшемби күнү Казакстан акыркы болуп аталган документти ратификациялады.
Салык кызматы талон Чек ара кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилерин белгилейт.
"Ташуучу же товарга жоопкер адам өткөрүү пунктунда талонду эки нускада толтурат. Мында милдеттүү түрдө жүк жөнөткөн жана жүк алуучунун дайын-дареги, автоунаа пунктунун аталышы жана КР чек арасынан өтө турган күнү белгиленет", — деп айтылат билдирүүдө.
Толтурулгандан кийин эки талон тең Чек арачыларга берилет.
"Талон толтурууда аны булгап, оңдоп жазууга жол берилбейт. Андай талон жараксыз деп табылат. Чек ара кызматынын жооптуу кызматкери талондун толтурулушун текшергенден кийин ага күнү көрсөтүлгөн мөөр коюлат", — деп маалымдайт кызмат.
Талондун бир нускасы ташуучу же товар үчүн жоопкер адамга берилет, экинчиси чек ара бөлүмүндө калат.
Мамлекеттик салык кызматы талон толтуруу Кыргызстандын чек арасынан өтүү датасын тастыктай турган каражат болорун белгилейт.
Мында товарды жеке пайдалануу үчүн жеңил унаа, мотоцикл же мопед менен ташыгандар үчүн талон толтуруунун кажети жок.