Учурда чет жакта 700 миң кыргызстандык мигрант иштеп жүрөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКурулуш аймагындагы эмнек мигранттар. Архив
Курулуш аймагындагы эмнек мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мигранттардын негизги бөлүгү Россияда, андан кийин Казакстанда эмгектенишет. Кийинки орунда Түштүк Корея турса, андан соң Түркия жайгашкан.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Учурда чет жактагы кыргызстандык мигранттардын саны 700 миңди түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Бактыбек Адылов менен акыйкатчы Кубат Оторбаевдин жолугушуусунда белгилүү болду.

Чатырды кардан тазалап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан барган жаран Санкт-Петербургда тамдын чатырынан кулап каза болду
Жолугушууда негизинен чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештердин укугунун корголушу талкууланды.

Маалыматка ылайык, учурда 700 миң мигранттын 520 миңи — Россияда иштеп жүрсө, 113 миңи Казакстанда катталган. Түштүк Кореяда 14 миң кыргызстандык эмгектенсе, Түркияда 10 миң мекендеш бар. Ал эми алыскы чет мамлекеттерде (Европа, АКШ, Жакынкы Чыгыш, Азия) 30 миңдей мигрант иштеп жүрөт.

Адылов менен Оторбаев чет жактагы мигранттардын укугун коргоо жаатында биргеликте иш алып баруу жана тыгыз кызматташуу боюнча макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0