Майлуу-Сууда бир ай мурун жоголгон кемпирдин сөөгү таанышынын үйүнөн табылды

© Фото / Талгат БакиевСотрудники правоохранительный органов на месте обнаружения трупа 69-летней жительницы города Майлуу-Суу
Сотрудники правоохранительный органов на месте обнаружения трупа 69-летней жительницы города Майлуу-Суу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун сөөгү жерде бир айдай жатып калган. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Майлуу-Сууда жоголуп кеткен 69 жаштагы аялдын денеси анын эски таанышынын үйүнөн табылганын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рустамбек Жумабаев аймактык кабарчыга билдирди. 

© Фото / Талгат БакиевМайлуу-Сууда жоголуп кеткен 69 жаштагы аялдын денеси анын эски таанышынын үйүнөн табылды
Майлуу-Сууда жоголуп кеткен 69 жаштагы аялдын денеси анын эски таанышынын үйүнөн табылды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Майлуу-Сууда жоголуп кеткен 69 жаштагы аялдын денеси анын эски таанышынын үйүнөн табылды
© Фото / Талгат БакиевТамара Гузова аттуу аялдын денеси 17-январь күнү Түлөбердиев көчөсүнүн 50 жаштагы тургуну Ю.Казаков аттуу жарандын үйүнүн артынан табылган
Тамара Гузова аттуу аялдын денеси 17-январь күнү Түлөбердиев көчөсүнүн 50 жаштагы тургуну Ю.Казаков аттуу жарандын үйүнүн артынан табылган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Тамара Гузова аттуу аялдын денеси 17-январь күнү Түлөбердиев көчөсүнүн 50 жаштагы тургуну Ю.Казаков аттуу жарандын үйүнүн артынан табылган
© Фото / Талгат БакиевУчурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
1/3
Майлуу-Сууда жоголуп кеткен 69 жаштагы аялдын денеси анын эски таанышынын үйүнөн табылды
2/3
Тамара Гузова аттуу аялдын денеси 17-январь күнү Түлөбердиев көчөсүнүн 50 жаштагы тургуну Ю.Казаков аттуу жарандын үйүнүн артынан табылган
3/3
Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Анын айтымына караганда, Тамара Гузова аттуу аялдын денеси 17-январь күнү Түлөбердиев көчөсүнүн 50 жаштагы тургуну Ю.Казаков аттуу жарандын үйүнүн артынан табылган. 

Арест бывших сотрудников отдела полиции Хорошево-Мневники - Sputnik Кыргызстан
Жолугушууга келген кызды бычактап салган бала өмүр бою эркинен ажыратылды
"Жашы 70ке таяп калган Гузова былтыркы жылдын декабрь айынан тарта жоголуп кеткен. Тынчсызданган кошуналары милицияга кабарлашкан. Быйылкы жылдын 5-январынан тарта иш каттоого алынып, тартип сакчылар издөө иштерин баштаган. Ыкчам маалыматтардын негизинде кылмышка шектүүнүн үйү текшерүүгө алынган. Натыйжада тамдын аркасында үйүлгөн бөтөлкөлөрдү алдырганда жер казылганы байкалды", — деди Жумабаев. 

Анын айтымында, 70 сантиметр тереңдиктен аялдын сөөгү табылган. 

"Маркумдун сөөгү жерде бир айдай жатып калган. Үй ээси өлүктү тапкандан кийин гана маркум менен тааныштык жайы бар экенин, сөз талашуудан улам чыр чыкканын айтып берди. Ал буга чейин Гузованын жоголгонуна тиешеси жок экенин айтып келген", — деди Жумабаев. 

Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Тамара Гузова шаардын Ленин көчөсүндө жалгыз жашачу. Анын жалгыз кызы Россияда жашайт. 

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0