БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанындагы дачалар жайгашкан аймакка кулап түшкөн учактан улам каза болгондордун саны 34 кишиге жетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
Буга чейин ал көз жумгандардын саны 28ге жеткендигин айткан.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Гонконг-Стамбул каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн токтомок.
Маалыматтарда учак айылдын үстүнө кулап түшүп, анын кесепетинин адам өмүрү кыйылып, 23 үйдүн жабыркаган.
Кырсык болгон жерде өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү жүрөт.