"Дордойдо" мурду кемирилген кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековДордой базарындагы тез жардам автоунаасы. Архив
Дордой базарындагы тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөөк өлүк сактоочу жайга жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Дордойдун "Алкан" базарында таштанды челектердин жанынан 50-55 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек ШИИБ маалымат кызматынын инспектору Майрам Аскарбекова билдирди.

Анын айтымында, 3-январь күнү түшкү саат 12:45тер чамасында "Алкан" базарынын таштанды таштоочу челектеринин жанынан табылган кишинин жашы 50-55терде.

"Өлгөн адамдын денесинде жаракаттар байкалбайт, сууктан тоңуп өлүшү ыктымал деп божомолдонууда. Сөөк өлүк сактоочу жайга жөнөтүлдү", — деди Аскарбекова.

Инспектор каза болгон адамдын мурдун белгисиз жаныбарлар кемирип кеткенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0