Базар-Коргондо бир үй-бүлөдөгү үч адам көмүрдүн исине ууланып каза тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда каза тапкандардын өздүгү такталып жатат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Коткор айылында бир үй-бүлө көмүрдүн исине ууланып калган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, окуя 22-декабрга караган түнү болгон. 

ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова учурда каза тапкандардын өздүгү такталып жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0